Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 22/IV
Жер участогун ɵткɵрүп берүүгɵ макулдук берүү жɵнүндɵ
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн жер маселелери боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевдин «Нурманбет айыл аймагынын административдик чек арасынын чегинде жайгашкан «жайыт» жерге тиешелүү жер участогун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ» даярдалган маалыматын карап жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жɵнүндɵ» убактылуу жобого ылайык 2014-жылдын 19-мартындагы №169, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн административдик чектеринде жайгашкан 17,18 жана 19 контурунун аянты 2,4 га,. жайыт түрүнɵ кирген жер тилкесин кичи ГЭС куруу үчүн ɵткɵрүп берүү (трансформациялоо) маселесин кароого макулдук берилсин.
2. Айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |