Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 27-августу №16/10
Жалгыз-Терек айылындагы Жаштар ордосу административдик имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жалгыз-Терек айылындагы Жаштар ордосу административдик имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп, жалпы сметалык наркы 4 327 207 (төрт миллион үч жүз жыйырма жети миң эки жүз жети) сомду түзгөн Жалгыз-Терек айылындагы Жаштар ордосу административдик имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 730 880 (бир миллион жети жүз отуз миң сегиз жүз сексен) сом акча каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
4.
Төрага | Ы. Бакаев |