Загрузка документа…
| Нарзан айылдык кеңешинин 2025-ж 17 январь № 13 токтому менен бекитилген |
Нарзан айыл аймагында “Калкты ичүүчү суу менен жабдуу” жергиликтүү
маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 4 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Нарзан айыл аймагында “Калкты ичүүчү суу менен жабдуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7.Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Калкты ичүүчү суу менен жабдуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
суу – жыты жана даамы жок түзсүз, тунук суюктук;
ичүүчү суу – өзүнүн сапаты боюнча стандарттарга жана гигиеналык талаптарга, чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн белгиленген санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келген суу;
сууну колдонуу – өзүнүн керектөөсүн канааттандырууда абоненттин сууну колдонулушу;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу - тиешелүү ишканалар менен уюмдардын чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн адамдардын сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган иш чөйрөсү;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму - калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн арналган техникалык тутум;
суу түтүгүнүн тармагы (суу түтүгү) - ичүүчү сууну керектөөчү жерлерге берүү үчүн курулуштар менен жабдылган түтүк өткөргүчтөр тутуму;
чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутуму - суу түтүгүнүн тармагы бар чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму;
санитардык коргоо зонасы - суу менен камсыз кылуу булагын жана ушул булактан чарбалык-ичүүчү багыттагы суу берүүчү суу түтүгү, анда сууну өтө коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттардан жана организмдерден булгануудан сактоонун өзгөчө тартиби белгиленет;
ичүүчү суунун кемчилиги - анын стандартка, келишимдин шарттарына жана ичүүчү суунун сапатына коюлуучу талаптарга ылайык келбеши;
ичүүчү суунун олуттуу кемчилиги - ичүүчү сууну анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууга мүмкүн эместиги же жол берилгис кылган кемчилиги.
Ичүүчү суунун олуттуу кемчилигине төмөнкүлөр кирет:
- сууда жөн гана караганда суу организмдеринин жана (же) үстүнкү катмардын байкалып турушу;
- кургак калдыктын 1500 мг/л дан жогору болушу;
- оңой байкалуучу жыттын, даамдын жана татымдын бар экендиги жана суу жөнүндө жагымсыз пикирлерди жаратуу ичүүчү суунун олуттуу кемчиликтерине таандык кылынат.
II. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
максаттары жана милдеттири
5. Нарзан айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын калкын сапаттуу ичүүчү суу менен жетишээрлик деңгээлде канааттандырууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын калкын чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу (борборлоштурулган) тутумун өнүктүрүү;
- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун туруктуу иштөөсүн жана калкты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен жабдууну камсыз кылуу боюнча суу менен жабдуу мекемелеринин ишмердигин координациялоо жана контролдоо;
- суу менен жабдуу муниципалдык ишканаларын өнүктүрүү жана Айыл аймагынын калкын ичүүчү суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
- стандарттардын, санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык ичүүчү суунун сапатын контролдоо;
- Айыл аймагынын суу менен жабдуу объектилеринин курулушуна жана эксплуатациялоого илимий-техникалык прогресстин жана экономикалык механизмдердин жетишкендиктерин киргизүү;
- санитардык коргоо зоналарындагы суу менен камсыздоо булактарын булгануудан алдын алуу жана жоюу боюнча керектүү иш-чараларды жүргүзүү.
III. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
функциялары
7. Нарзан айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча программалардын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу, ошондой эле чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун жергиликтүү колдонуу эрежелери боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун өнүктүрүү боюнча башкы схеманы, максаттуу программаларды жана иш-чаралардын планын иштеп чыгат;
- калкты ичүүчү менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- калкты ичүүчү суу менен жабдуу боюнча программаларды айылдык кеңеш бекиткенден кийин аткарууну камсыз кылат;
- Айыл аймагындагы калкты гигиеналык талаптарга жооп берген жетиштүү көлөмдөгү ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-бөлүштүрүү аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
- калкты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоо жана чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыздоо боюнча суу менен жабдуу мекемелери менен кызматташат;
- калкты ичүүчү суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүгө муниципалдык заказды түзөт жана киргизет;
- суу менен жабдуучу муниципалдык мекемелердин түзөт;
- суу менен жабдуучу муниципалдык мекемелердин уставын бекитет;
- суу менен жабдуучу муниципалдык мекемелердин жетекчисин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
- Нарзан айыл аймагынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде суу менен жабдуучу муниципалдык мекемелерди каржылоону жүргүзөт;
- суу менен жабдуу булактарынын болушу жана абалы, калктын ичүүчү сууга болгон керектөөсүн жетиштүү көлөмдө жана сапатта канааттандыруу мүмкүнчүлүгү, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун ишенимдүүлүгү жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну жана баалоону жүргүзөт;
- санитардык коргоо зоналарын уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү камсыздайт;
- калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу боюнча иштерди пландоо, каржылоо материалдык-техникалык жактан камсыздоону ишке ашырат;
- суу менен жабдуу булактарындагы сууну сактоо жана суунун сапатын контролдоо иш-чараларын жүргүзүүгө жооптуу болгон органдардын ишин камсыздайт жана координациялайт;
- ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу жана контролдоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- ичүүчү суунун сарпталышын эсепке алат;
- ичүүчү сууда зыяндуу булганычтар болсо, аны колдонууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө жана калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну калыбына келтирүү жана ичүүчү сууну тиешелүү деңгээлде камсыздоо үчүн керектүү чараларды кабыл алуу жөнүндө чечимдерди стандарттык талаптарды сактоо менен мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын корутундусунун негизинде кабыл алат;
- өзгөчө кырдаалдарда (жаратылыш кырсыктары, суу менен жабдуу булактарында суунун булганышынын коркунучтуу деңгээлин аныктоо ж.б.) чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун иштетүү шарттары жана мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимдерди стандарттык талаптарды сактоо менен мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын корутундусунун негизинде кабыл алат;
- калкты ичүүчү суунун сапаты, аны сарптоо ченемдери жана үнөмдөө жолдору, төлөө тартиби жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагында калкты ичүүчү суу менен жабдуу боюнча программалардын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- калкты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен жабдуу жана чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыздоо боюнча суу менен жубдуучу мекемелердин ишин контролдоону ишке ашырат;
- Айыл аймагында сууну коргоо иш-чараларынын аткарылышын, суу менен камсыздоо булактарынын жана суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналарындагы режимдеринин бузулуусуна бөгөт коюу боюнча чара көрүүнү ишке ашырат;
- Айыл аймагында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
8. Нарзан айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагында калкты ичүүчү суу менен жабдуу боюнча программаларынын долбоорлорун бекитет;
- айыл өкмөтү иштеп чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун колдонуунун жергиликтүү эрежелерин ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун өнүктүрүү боюнча башкы схемаларды, максаттуу иш-чаралардын программаларын жана планын бекитет;
- калкты ичүүчү суу менен жабдуу боюнча кызматтарга тарифтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Нарзан айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары);
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары ж.б.
10. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Калкты ичүүчү суу менен жабдуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке
ашырууну каржылоо
5.1. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Нарзан айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
жоопкерчилиги
12. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.