Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрь №16/11
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Эсептөө комиссиясынын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколу бекитилсин.
2. Катышкан 21 депутаттардын 13 добушуна ээ болгондугун белгилеп, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Бакаев Ызатбек Токтобекович шайланды деп таанылсын.
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Касмалиева Кундуз Калыбековна шайлангандыгы белгиленсин
Төрага | Ы. Бакаев |