Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/1
Сафед-Булан айылындагы Багы-Шамал жалпы орто билим берүүчү мектебине жаңы салынып жаткан ашканасы үчүн курулуш материалдарына акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Сафед-Булан айылындагы Багы-Шамал жалпы орто билим берүүчү мектебине жаңы салынып жаткан ашканасына курулуш материалдарын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүштүрүү боюнча, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сафед-Булан айылындагы Багы-Шамал жалпы орто билим берүүчү мектебине жаңы салынып жаткан ашканасына курулуш материалдарын сатып алуу үчүн даярдалган сметанын негизинде, айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 199 279 (бир миллион бир жүз токсон тогуз миң эки жүз жетимиш тогуз) сом акча каражатын бөлүштүрүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты мамлекеттик сатып алуулар аркылуу, мектептин ашканасынын ремонту үчүн максаттуу пайдаланууну камсыздоо-айыл өкмөтүнүн башчысы-Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага: | Т. Хамракулов |