Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/3
Жапа-Салды айылындагы А.Жорокулов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын жылытуу системасын ремонттоо үчүн каражат бөлүштүрүү жөнүндө
Жапа-Салды айылындагы А.Жорокулов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын жылытуу системасын ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүштүрүү боюнча, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жапа-Салды айылындагы А.Жорокулов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын жылытуу системасын ремонттоо үчүн даярдалган сметанын негизинде, айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен–
1 989 192 (бир миллион тогуз жүз сексен тогуз миң бир жүз токсон эки)сом акча каражатын бөлүштүрүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты мамлекеттик сатып алуулар аркылуу, мектептин ашканасынын ремонту үчүн максаттуу пайдаланууну камсыздоо-айыл өкмөтүнүн башчысы-Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага: | Т. Хамракулов |