Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/4
Падек айылындагы “Жамияти Ассалам Лиль АльАмаал АльИнсаният Вал Хайрия” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан жаңы курулуп жаткан Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына өздүк салым үчүн курулуш материалдарына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Падек айылындагы Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы курулуп жаткан имаратына өздүк салым үчүн курулуш материалдарына жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүштүрүү боюнча, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Падек айылындагы жаңы курулуп жаткан Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына өздүк салым үчүн курулуш материалдарына айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 646 755 (алты жүз кырк алты миң жети жүз элүү беш) сом акча каражатын бөлүштүрүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты мамлекеттик сатып алуулар аркылуу, жаңы имараттын курулушуна материалдар менен камсыздоо-айыл өкмөтүнүн башчысы-Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага: | Т. Хамракулов |