Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/5
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн жаңы салынып жаткан административдик имаратынын курулушуна акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн жаңыдан салынып жаткан административдик имаратынын курулушуна акча каражатын бөлүштүрүп берүү боюнча, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн жаңыдан салынып жаткан имаратынын курулушу үчүн, айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражатын мыйзам чегинде бөлүштүрүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты мамлекеттик сатып алуулар аркылуу, жаңы имараттын курулушуна материалдар менен камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |