Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/7
Т.Балтагулов айылдык аймагынын муниципалдык менчигинде турган айылдык маданият үйлөрүнүн имараттарына статистикалык жаңы каттоо коддорду алуу жонүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык маданият үйлөрүнүн имараттарына статистикалык жаңы каттоо кодун алуу боюнча, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айылдык маданият үйлөрүнө статистикалык жаңы каттоо кодун алууга мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Айылдык маданият үйлөрүнө статистикалык жаңы каттоо коддорду алууну ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы-Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |