Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/8
Муниципалдык мүлктөрдү ижарага берүүнүн өлчөмдөрүн( чарчы метрин), бааларын аныктап белгилөө үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагына караштуу муниципалдык мүлктөрдү ижарага берүүнүн өлчөмдөрүн (чарчы метрин), бааларын аныктап белгилөө жөнүндөгү Т.Балтагулов айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ижара акыларын аныктоо максатында төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
- К.Момунова-комиссиянын төрайымы, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы;
Мүчөлөрү:
- Д.Стамбеков- айыл өкмөтүнүн юристи;
- Абдурахманов Мирзахид;
- Акмырзаев Изатилла;
- Джакишев Мырзакарим;
- Инамов Мамурали;
- Хожиев Элер;
- Бөрубаев Шарафидин;
- Халдарова Онаржон.
2. Комиссиянын чечиминин негизинде, 2221 беренесинен төлөнүүчү бааларын так аныктап, ижара төлөө боюнча, эки тараптуу келишимдер түзүлсүн.
3. Муниципалдык мүлктөрдү ижарага берүүнүн өлчөмдөрүн (чарчы метрин), бааларын аныктап белгилөөнү ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |