Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/9
Скважиналардын тейлөө баасынын бирдей наркта болушун көзөмөлдөө жана келишимдерин кайрадан түзүү жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагындагы иштеп жаткан бардык скважиналардын тейлөө баасынын бирдей баада болушун көзөмөлдөө жана келишимдерди кайрадан түзүү боюнча Т.Балтагулов айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айылдык аймагындагы пайдаланууга берилген бардык сугат суу скважиналарынын тейлөө бааларынын бирдей тарифте болуусун камсыздоого жана келишимдерди Т.Балтагулов айыл өкмөтү менен кайрадан түзүүгө макулдук берилсин жана төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
- К.Момунова-комиссиянын төрайымы,айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
Мүчөлөрү:
- Д.Стамбеков - айыл өкмөтүнүн юристи;
- А.Анарбаев - айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу адиси;
- Д.Джумабаев - айыл өкмөтүнүн статисти;
- А.Адашов - айыл өкмөтүнүн экономист-статисти;
- Т.Имомназаров - айылдык кеңештин депутаты;
- Д.Мадхоликов-айылдык кеңештин депутаты;
- Т.Артыков - айылдык кеңештин депутаты;
- А.Хатамов - айылдык кеңештин депутаты;
- А.Эгамбердиев - Сафед-Булан айылынын айыл башчысы;
- Э.Ортиков - Ак-Коргон айылынын айыл башчысы;
- А.Курбанбаев - Падек айылынын айыл башчысы;
- А.Абдукодиров - Баястан айылынын айыл башчысы;
2. Скважиналардын тейлөө бааларынын бирдей тарифте болуусун камсыздоо жана Т.Балтагулов айыл өкмөтү менен скважина иштетүүчүлөрдүн ортосунда эки тараптуу келишимдерди түзүүнү ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө- айылдык кеңештин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |