Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/10
Ак-Там айылындагы Дарбазакол участкасындагы жерди категориясын которуу жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын Ак-Там айылындагы Дарбаза-Кол участкасынын К-1243, К-1250 контурларынан, жалпы 1,0 га муниципалдык жер аянтын аймакта жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана экономиканы жогорулатуу максатында, пайдаланууга берүү боюнча, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап,Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Там айылындагы Дарбаза-Кол участкасынын К-1243, К-1250 контурундагы 1,0 га жер аянты мыйзам чегинде өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жерге болгон тийиштүү документтерин тактап берүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө- айылдык кеңештин мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |