Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/11
Жергиликтүү бюджетке кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетине кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Т.Балтагулов айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүмүнөн 2111 (эмгек акы) статьясынан 4000,0 миң сом кыскартылып, 70629 бөлүмүнүн статьясына 3000,0 миң сом, 2222 (ар түрдүү материалдарды сатып алуу) статьясына 1000,0миң сом кошумча өзгөртүү киргизүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджетке кошумча өзгөртүү киргизүүнү ишке ашыруу-айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |