Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын
2024-жыл 17-июлу №6/13
Пескоблок жана таман таш орнотуу боюнча жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын Кызыл-Ата айылынын Ак-Тилек участкасынын № 3214-контурунан 0,30 га жер аянтына пескоблок жана таман таш өндүрүү боюнча багытын өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча жеке ишкер Дыйканбаев Нурмаматтын жеке арызын карап, жергиликтүү кеңештин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укук жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Ата айылынын Ак-Тилек участкасынын № 3214-контурунан 0,30 га жер аянтына пескоблок жана таман таш өндүрүү боюнча багытын өзгөртүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Кызыл-Ата айылынын Ак-Тилек участкасынын № 3214-контурунан 0,30 га жер аянтына пескоблок жана таман таш өндүрүү боюнча айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизинде пайдалануу үчүн жеке ишкер Н.Дыйканбаевге макулдук берилсин.
3. Аталган жер аянтынын багытын өзгөртүүдө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мыйзам чегинде иш алып баруу жеке ишкер Н.Дыйканбаевге тапшырылсын.
4. Жеке ишкер менен келишим түзүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо-айылдык аймактын башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укук жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш,транспорт, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Хамракулов |