Редакцияот 17.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 6 сессиясынын

 

2024-жыл 17-июлу №6/14

 

Т.Балтагулов Айыл аймагынын Ак-Там айылынын жогорку зонасына скважина казып чыгаруу жана скважинаны капиталдык оңдоо долбоорлорун Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

 

Т.Балтагулов айылдык аймагынын социалдык-экономикасын өнүктүрүү, аймакта сугат суу тартыштыгын алдын алуу жана дыйкандардын талаптарын эске алып, Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Ак-Там айылынын жогорку зонасына скважина казып чыгаруу жана эски скважинаны капиталдык оңдоо долбоорлорун Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

2.     Токтомдун тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3.     Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

Т. Хамракулов