Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2025-жылдын 11-февралы №2/1
Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылына милициянын аймактык пунктун салууга муниципалдык менчикте турган жер аянтын берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10 жана 19-беренелери жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 5-февралындагы №01-20/28, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 16-январындагы №37-26-12/238 сандуу каттарын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын II кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 10-февралындагы №1 корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жерге-Тал айылына милициянын аймактык пунктун салууга Ы.Моңкоев көчөсүндөгү 4051210010269 коду менен турган 571 (беш жүз жетимиш бир) чарчы метр жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т. Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | К. Касмалиева |