Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезекүү сессиясы
2025-жылдын 13-февралы №3/1
Жерге-Тал айыл аймагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагы деп кайра аталгандыгына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» №20 Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жана башка тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүүсессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» №20 Мыйзамы аткарууга алынсын.
2. "Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесинин фирмалык аталышы "Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемеси деп кайра аталсын жана "Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесинин Жобосуна өзгөртүү киргизилсин.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемеси
й- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Эсеналы Дайракунов айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде:"Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.
- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Эсеналы Дайракунов айылного аймака"
3. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
4. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Жерге-Тал айылы, Жерге-Тал көчөсү, 75 болуп аныкталсын.
5. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
6. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
7. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага | Ы. Бакаев |