Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезекүү сессиясы
2025-жылдын 13-февралы №3/2
Жерге-Тал айыл аймагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагы деп кайра аталгандыгына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» №20 Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жана башка тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүүсессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» №20 Мыйзамы аткарууга алынсын.
2. "Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү" мекемесинин фирмалык аталышы "Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтү " мекемеси болуп өзгөртүлсүн жана "Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтү" мекемесинин Уставына өзгөртүү киргизилсин.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтү" мекемеси
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Эсеналы Дайракунов айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде:"Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтү" м-и.
- Расмий тилде: У-е " Айыл окмот Эсеналы Дайракунов айылного
аймака"
3. Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Жерге-Тал айылы, Жерге-Тал көчөсү, 75 болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага | Ы. Бакаев |