Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 23/IV
Жер участогун ɵткɵрүп берүүгɵ макулдук берүү жɵнүндɵ
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн жер маселелери боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевдин «Нурманбет айыл аймагында 328-контурундагы 3,0 га «жайыт» жерге тиешелүү жер тилкесин таштанды тɵгүүчү жайга которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ» даярдалган маалыматын карап жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагында 328-контурундагы 3,0 га «жайыт» жерге тиешелүү жер тилкесин таштанды тɵгүүчү жайга которуу (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |