Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН II СЕССИЯСЫНЫН
2024-жылдын 26-декабры
Улахол айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө.
Улахол айылдык кеңешинин регламентин бекитүү боюнча жооптуу катчы И.Жээнтаевдин маалыматын жана укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айылдык кеңешинин регламенти айрым толуктоолору менен бекитилсин.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 26-декабрындагы №7 токтомун Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Бейшеев