Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2025-жылдын 13-февралы №3/4
Айылдык кеңештин 1-январь 2025-жылдын жыл башына калган жергиликтүү бюджеттен 10 084 300 (он миллион сексен төрт миң үч жүз) сом жана атайып эсеп счетто калган 7 602 900 (жети миллион алты жүз эки миң тогуз жүз) сом акча каражаттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 79-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын III кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2025-жылдын башына калган калдык акча каражатын төмөндөгү статьяларга каралып берилсин:
2215 – 15,6 (он беш миң алты жүз) сом
2221 – 146,0 (жүз кырк алты миң) сом
2224 - 2907,8 (эки миллион тогуз жүз жети миң сагиз жүз) сом
2522 – Субсидия 1100,0 (бир миллион бир жүз)
3111 – 5604,1(беш миллион алты жүз төрт миң бир жүз)сом
3112 – 200,0 (эки жүз миң) сом
3113 – 110,8 (жүз он миң сегиз жүз) сом
Баардыгы : 10084,3 (он миллион сексен төрт миң үч жүз) сом.
a. 1-январь 2025-жылдын башына атайын эсеп счетто калган акча каражаты төмөндөгү статьяларга каралып берилсин:
2218 - 27,5 (жыйырма жети миң беш жүз) сом
3111- 6891,4 (алты миллион сегиз жүз токсон бир миң төрт жүз)
3112-684,0 (алты жүз сексен төрт миң) сом
Баардыгы: 7602,9 (жети миллион алты жүз эки миң тогуз жүз) сом
2. Каралган акча каражаттарынын көрсөтүлгөн статьялары боюнча сметасын түзүү жана көрсөтүлгөн статьялар боюнча акча каражатын которуу жагы СЭӨ бөлүмдүн убактылуу башчысы А.Садыгалиева тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |