Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2025-жылдын 13-февралы №3/4
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын
курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу» типтүү жобонун 21 жана 22 пунктулары жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 28-январындагы №01-20/19 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезексиз сессиясы;
|
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн;
- Э. Дүйшеев – Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешин депутаты, комиссиянын төрагасы.
- Т. Сыдыкбеков – Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү.
- А. Муктарбеков – жооптуу катчы-орун басар, комиссиянын катчысы.
- К. Таалайбеков – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү.
- А. Мукаш уулу – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү.
- Ж. Асан уулу – Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү.
- Б. Мамбетсыдыков – коомдук коопсуздук боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү.
- Р. Турсуналиев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
- А. диев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
- Н.Дүйшөбаев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
2. Жаңыдан түзүлгөн комиссия курамы мыйзам чегинде иш алып барышсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |