Загрузка документа…
| Нарзан айылдык кеңешинин 2025-ж 17.01. № 13 токтому менен бекитилген |
Нарзан айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана
жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги
маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 9 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Нарзан айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
8. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
1.4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
жалпы пайдалануучу жайлар – коомчулуктун пайдалануусу (келип туруу, болуу) үчүн жеткиликтүү жайлар;
жалпы пайдалануучу жайларды көрктөндүрүү – Айыл аймагынын чегиндеги жарандардын жашоосуна жана эс алуусуна жагымдуу, таза жана маданий шарттарды түзүүнү камсыз кылган иштердин жана элементтердин комплекси. Иштердин бул комплекси көрктөндүүү объектилерин жана элементтерин күтүү, пайдалануу, оңдоо жана кайтаруу, аймактарын тазалоо иштерин уюштурууну карайт;
короо аймагы – турак жай имаратынын жанындагы жана анда жашаган адамдардын жалпы пайдалануусундагы, турак жай имараттарынын, курулуштардын, курулмалардын же тосмолордун периметри боюнча чектелген аймак. Турак жай имаратынын жанындагы короо аймагында, анда жашаган адамдардын кызыкчылыгында балдар аянтчалары, эс алуу, кирлерди жаюу, автоунааларды токтотуу үчүн орундар, бак-дарактар жана башка коомдук пайдалануу үчүн объектилер жайгашат;
жашылдандыруулар – бак-дарак, бак-бадалдуу, бадалдуу, жасалма жана табигый өскөн чөптүү өсүмдүктөр;
компенсациялык жашылдандыруу – жок кылынган жана жабырланган жашылдандыруулардын ордун кайра калыбына келтирүү;
чакан архитектуралык формалар - декоративдик мүнөздөгү жана практикалык пайдалануунун объекттери: скульптуралар, барельефтер, гүлдөр үчүн вазалар, чатырчалар, павильондор, отургучтар, урналар, балдардын оюну жана чоң адамдар эс алуусу үчүн жабдуулар жана конструкциялар жана башкалар;
жалпы пайдалануучу жашылдандырылган аймактар – шаардын бардык калкына рекреация үчүн пайдаланылган аймактар: кирүү бардык адамдар үчүн акысыз жана эркин болгон бактар, сейил бактар, маданий жана эс алуу сейил бактары, мемориалдык комплекстер, гүлбакчалар, көчөлөр жана транспорттук магистралдар, жээктер, токой парктары;
сейил бак – функционалдык зоналдаштырылгандыгы менен мүнөздөлгөн жана узак эс алуу үчүн дайындалган жалпы пайдаланылуучу жашылдандырылган аймак;
жанаша жайгашкан аймак – ижара укуктарынан эркин, жеке менчикке, ээликке, ижарага, юридикалык же жеке жактардын теңдемине бөлүнгөн жер тилкесинин, имараттын, үйдүн, курулманын, тосмонун, курулуш тилкесинин, соода объектилеринин, жарнама жана башка объектилердин чек араларына тике периметр боюнча жанаша жайгашкан муниципалдык аймак, жанаша жайгашкан аймактардын чек аралары, көчө жактан жана жолдордун өтүүчү бөлүгүнө чейин жайылат;
аймакты санитардык тазалоо – аймактарды жыйнап тазалоо, таштандыларды, көчө шыпырындыларын жана кокустан пайда болгон таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу;
жашылдандырууларды алып салуу - белгилүү тартипте жасалгаланган бактарды, бадалдарды, гүлзарларды, көк-майсандарды кыюу, кесип салуу, казып алуу, аларды аткаруу курулуштун тигил же бул объектилерин жайгаштыруу, инженердик көрктөндүрүүнү, жер үстүндөгү коммуникацияларды тейлөө, турак жай жана коомдук имараттардын инсоляциялык талаптарына жооп бере тургандай курчап турган чөйрөнүн сапатын түзүү үчүн шарттарды камсыздоо максатындагы, объективдүү зарыл иштер;
жашылдандырууларды жок кылуу – казып салуу (көк-майсандарды) гүл-декоративдик өсүмдүктөрдү, бадалдарды, бактарды казып алуу же бактарды кыюу менен, ошондой эле жашылдандырууларды жабырлантуу менен, алардын өспөй жана өлүп алышы;
жарыктандыруу – сутканын караңгы убагында көчөлөрдөгү оптикалык көрүнүштү жасалма жол менен жакшыртуу каражаты.
II. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
максаттары жана милдеттири
5. Нарзан айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын жарандарынын жагымдуу чөйрөгө болгон укуктарын камсыз кылууга;
- калктын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылууга жана жашоо чөйрөсүнүн ыңгайлуулугун жогорулатууга;
- Айыл аймагынын калкынын санитардык-экологиялык бейпилдигин камсыз кылууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын жашылдандыруу фондун сактоо жана өнүктүрүү;
- Айыл аймагынын комплекстүү көрктөндүрүү шарттарын өнүктүрүү жана жакшыртуу;
- энергия үнөмдөөчү жана жаратылышты үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу;
- калктын аз мобилдүү топтору үчүн жеткиликтүү чөйрөнү камсыздоо боюнча белгиленген тартипте минималдуу зарыл болгон иш-чараларды өткөрүү.
III. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
функциялары
7. Нарзан айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын жалпы пайдалануудагы жерлерин комплекстүү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу эрежелерин иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- ирригациялык түйүндөрдү, үй жана үй алдындагы участокторду күтүүнүн тартибин иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Айыл аймагынын жалпы пайдалануудагы жерлерин комплекстүү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу программалары айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
- Айыл аймагынын жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөө иш-аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди санитардык жактан тазалоо иштерин уюштурат;
- жайлуулук объектилерин, тротуарларды, жөө жүрүүчүлөр зонасын, ирригациялык тутумдарды ж.б. кароону жана оңдоону жүзөгө ашырат;
- жаңы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аймактарын түзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- муниципалдык жашыл бактарды күтүүнү жүзөгө ашырат;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык заказдарды түзөт жана жайгаштырат;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканаларды түзөт;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканалардын уставын бекитет;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканалардын жетекчилерин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандырууну каржылайт;
- Нарзан айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттын чегинде жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканалардын ишин контролдоону ишке ашырат;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандырууга бөлүнгөн финансы каражаттарын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль
жүргүзөт;
- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
8. Нарзан айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу программаларын бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун эрежелерин бекитет;
- ирригациялык түйүндөрдү, үй жана үй алдындагы участокторду күтүүнүн тартибин аныктайт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Нарзан айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары ж.б.
10. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу”
жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Нарзан айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
жоопкерчилиги
12. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.