Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2025-жылдын 13-февралы №3/6
Жерге-Тал айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык кодекси» 379 жана 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкаларына өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезексиз сессиясы;
|
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Салык кодекси» 379 жана 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгынын базалык наркы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин;
Дубалдын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Базалык салыктын наркы, сом |
Кыш, жыгач, курама же монолиттүү бетон, темир бетон блоктор | 5 жылга чейин | 13 |
5-15 жыл | 12 | |
15-30 жыл | 11 | |
30-45 жыл | 10 | |
45 жылдан ашык | 8 | |
Чийки топо (саман, сокмо) шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин | 8 |
5-15 жыл | 8 | |
15-30 жыл | 7 | |
30-45 жыл | 5 | |
45 жылдан ашык | 4 | |
Металл | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан | 8 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан | 7 |
Орточо БНС | 8,41 | |
2. Бекитилген базалык салыктык нарктарды үч жылда бир жолу учурдагы салыктык мезгилдин 1-октябрынан кечиктирилбестен кайра карап чыгуу жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |