Загрузка документа…
| Нарзан айылдык кеңешинин 2025-ж 17.01. № 13 токтому менен бекитилген |
Нарзан айыл аймагында “Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу
жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды
түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
№ 10 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Нарзан айыл аймагында “Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги аталган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. “Керектөөчүлөрдүн учуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
7. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
эс алуучу жай - калктын эс алуусуна арналган имараттардын, курулмалардын, зонанын, участоктордун тиешелүү жабдылган бөлүгү;
сейил бак – функционалдык зоналдаштырылгандыгы менен мүнөздөлгөн жана узак эс алуу үчүн дайындалган жалпы пайдаланылуучу жашылдандырылган аймак;
спорттук курулма – спорттун ар кандай түрү боюнча спорттук мелдештерди, окуу-машыгуу процесстерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган ачык же жабык типтеги тиешелүү жабдуулар менен жабдылган курулма;
рекреациялык тейлөөлөр – бош убакытты пайдалануу менен эс алууга, күчтү жана ден соолукту калыбына келтирүүгө байланышкан тейлөөлөр;
бош убакыт – өзгөртүлгүс өндүрүштүк милдеттерин аткаргандан кийин калган адамдын жумуштан тышкаркы убактынын бөлүгү;
бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу – калктын бош убактысын өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чаралардын топтому;
маданий ишмердүүлүк – маданий баалуулуктарды сактоо, жаратуу, жайылтуу жана өздөштүрүү боюнча ишмердүүлүк; эс алуу ишмердүүлүгү–эс алуу кызматтарын керектөөгө же көрсөтүүгө багытталган адамдын же мекеменин маданий, чыгармачыл жана башка ишмердүүлү;
маданий-эл алуу жайлары – бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу жана калкты маданият жана эл алуу уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн мекемелер;
маданий жыргалчылык – жарандардын маданий муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жеке же юридикалык жактардын, уюмдардан кызмат көрсөтүүлөрү;
маданий баалуулуктар – моралдык жана эстетикалык идеалдар, журүм-турумтун ченемдери жана үлгүлөрү, тилдер, диалекттер жана говорлор, улуттук каада-салттар, тарыхый топонимдер, фольклор, көркөм чеберчилик жана кол өнөрчүлүк, маданий жана көркөм чыгармалар, маданий иштердин илимий изилдөөлөрүнүн натыйжалары жана методдору, тарыхый-маданий мааниси бар имараттар, курулуштар, буюмдар жана технологиялар, тарыхый жана маданий жактан өтө сейрек кездешүүчү аймактар жана объектилер.
II. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
максаттары жана милдеттири
5. Нарзан айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймактын жарандарынын сапаттуу жана коопсуз жайларда массалык эс алууга жана бош убакытты уюштурууга, ошондой эле маданий-эс алуу жана рекреациялык тейлөөлөргө болгон муктаждыктарын канаттандырууга;
- Айыл аймагынын жарандарынын маданий жашоого катышууга жана маданий баалуулуктарга жетишүүгө болгон конституциялык укуктарын камсыз кылууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын массалык эс алуу, спорт менен машыгуу жана бош убакытты уюштуруу жайларын сактоо жана өнүктүрүү;
- Айыл аймагынын массалык эс алуу жана бош убакытты уюштуруу жайларын жайларын ыңгайлаштыруу;
- массалык эс алуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларын өнүктүрүүдө инновациялык, энергия үнөмдөөчү жана жаратылышты үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу;
- Айыл аймагында бирдиктүү муниципалдык маданий-эс алуу саясатын ишке ашыруу;
- Айыл аймактын калкына маданий-эс алуу жана рекреациялык тейлөөлөрдү көрсөтүүнү уюштуруу;
- Айыл аймагынын муниципалдык маданий-эс алуу мекемелерин өнүктүрүү;
- Айыл аймагынын тургундарынын билим алуу, маданий жана руханий потенциалынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
- калкты эстетикалык жактан тарбиялоо, маданий салттарга үйрөтүү.
III. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
функциялары
7. Нарзан айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймагынын массалык эс алуу, спорт менен машыгуу жана бош убакытты уюштуруу жайларын өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- аймактын массалык эс алуу жана бош убакытты уюштуруу программалары боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- Айыл аймагынын муниципалдык маданий-эс алуу мекемелери тарабынан аткарылуучу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) сапатынын көрсөткүчтөрүн иштеп чыгат;
- муниципалдык маданий-эс алуу мекемелеринин баа саясатын жана тарифтерин иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Айыл аймагынын массалык эс алуу жана бош убакытты уюштуруу жайларын өнүктүрүү программалары айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
- парктардын, спорттук курулмалардын, эс алуу жана бош убакытты уюштуруу жайларынын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөө иш-аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
- парктардын, спорттук курулмалардын, эс алуу жана бош убакытты уюштуруу жайларын күтүүнү жана оңдоону жүзөгө ашырат;
- массалык эс алуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларынын жаңы орундарын түзүү жана рекреациялык тейлөөлөрдү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- массалык эс алуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларын пайдалануу боюнча муниципалдык заказдарды түзөт жана жайгаштырат;
- массалык эс алуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларын пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелерди жана ишканаларды түзөт;
- массалык эс алуучу, спорт менен машыгуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларын пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын уставдарын бекитет;
- массалык эс алуучу, спорт менен машыгуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларын пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
- Нарзан айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттын чегинде массалык эс алуучу, спорт менен машыгуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларын пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелерди жана ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат;
- маданий-эс алуу кызмат көрсөтүүлөрүнө техникалык тапшырманы түзөт, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнү тандоо боюнча конкурстарды уюштурат, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр менен келишим түзөт;
- Нарзан айыл өкмөтүнүн комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө маданий-эс алуу уюмдарынын катышуусун координациялайт;
- көчмө цирктердин, аттракциондордун, парктардын иштөөсү үчүн алардын жайгашуу жерлерин жана аянттарынын жабдылышын аныктайт;
- коомдук маданий-эс алуу мекемелерин жана чыгармачыл жамааттарды (клубдар, ийримдер ж.б.) уюштурууга көмөк көрсөтөт;
- коомдук уюмдардын, бирикмелердин маданият жана бош убакытты уюштуруу чөйрөсүндөгү коомдук кызыкчылыктарды камтыган маселелерди талкуулоого катышуусун камсыз кылат;
- массалык иш-чараларды уюштурат (элдик көңүл ачуулар);
- айыл аймагында массалык маданий-эс алуу иш-чараларын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Айыл аймагынын массалык эс алуу жана бош убакытты уюштуруу жайларын өнүктүрүү программаларынын аткарылышына контроль жүргүзөт;
- массалык эс алуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларын пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын ишмердигин контролдоону ишке ашырат;
- муниципалдык парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуучу жайлардын иштөөсүн камсыз кылууга бөлүнгөн финансы каражаттарын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт;
- Айыл аймагынын массалык эс алуучу, спорт менен машыгуучу жана бош убакытты уюштуруу жайларынын иштөөсү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
8 Нарзан айылдык кеңешинин функциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Айыл аймактын массалык эс алуучу жана бош убакытты өткөрүү жайларын өнүктүрүү боюнча программаларды бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Нарзан айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
9. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
- укук коргоо органдары ж.б.
10. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин
камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү
маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Нарзан айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
жоопкерчилиги
12. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.