Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХXIV СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 10-сентябры № 242
Мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №24 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөндөгү мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:
- Ош шаарынын Спортивная көчөсүнүн №1В дарегинде жайгашкан жалпы аянты 8000,0 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 511,03 чарчы метрди түзгөн тураксыз жай-күрөш залын (бирдейлештирилген коду: 5-11-10-0237-0203);
- Ош шаарынын Спортивная көчөсүнүн №1Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2280,0 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 729,28 чарчы метрди түзгөн курулушу бүтө элек тураксыз жай-күрөш залын (бирдейлештирилген коду:5-11-10-0237-0197);
- Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн №17 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1468,0 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 533,10 чарчы метрди түзгөн тураксыз жайын (бирдейлештирилген коду: 5-11-03-0101-0049);
- Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн №234 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1313,0 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 1128,97 чарчы метрди түзгөн тураксыз жайын (бирдейлештирилген коду: 5-11-02-0071-0089);
- Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №222/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3626,0 чарчы метрди түзгөн жер тилкесин (бирдейлештирилген коду: 5-11-02-0071-0232).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |