Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХXIV СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 10-сентябры № 244
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230 “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп
берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү” жөнүндө токтому менен бекитилген “Ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230 “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү” жөнүндө токтому менен бекитилген “Ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 28-июнундагы Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230 “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү” жөнүндө токтому менен бекитилген “Ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө №25/1793 катын карап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №30 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230 “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү” жөнүндө токтому менен бекитилген “Ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2.1. пункту төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Ипотекалык шартта турак-жай жарандарга көп батирлүү турак үйлөрдөгү батирлерди ипотекалык шатта жана башка мүлктү бөлүштүрүү комиссиясынын чечими менен берилет.”;
- 2.2. пункту төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссия өз ишин коомдук негизде мезгил-мезгили менен жүргүзгөн коллегиалдуу орган болуп саналат.”;
- 2.3. пункту төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Турак жай жана Жарандык кодекстерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.”;
- 2.4.пункту төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссия 11 мүчөдөн турат, алардын ичинен:
-4 мүчө – Ош шаардык Кеңешинин депутаттары;
-Ош шаарынын шаар куруу жана муниципалдык менчик маселелерин тескеген мэрдин орун басары;
-эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык администрациясынын кызматкери;
-аймактык укук коргоо органынын кызматкери;
-Ош шаарында жашап жана кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандык коомдун өкүлү;
-Ош шаарында кесиптик ишмердикти жүзөгө ашыруучу өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү;
-Ош шаарында кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу массалык маалымат каражаттарынын өкүлү;
-катчы.”;
-2.4.1. пунктчасы менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо үчүн Комиссиянын курамына ипотекалык шартта турак-жай алууга кайрылган жарандардын документтери менен түздөн-түз иштеген адамдар кошула албайт (Комиссиянын катчысынан башка).”;
-2.4.2. пунктчасы менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары анын мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү аркылуу шайланат.”;
-2.7. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын ишин уюштуруу, иш-чаранын убактысы жана орду жөнүндө маалымат берүү, арыз берген жарандардын катышуусун камсыз кылуу, кеңсе товарларын берүү жана башкалар Ишканага жүктөлөт.”;
-2.8. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссия өз ишин ачык түрдө жыйын формасында жүргүзөт.”;
-2.9. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын жыйындары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт. Комиссиянын жыйынын өткөрүүгө негиз катары Ишкананын Комиссиянын төрагасына жиберген каты саналат.”;
-2.10. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын мүчөлөрү жыйындын орду жана убактысы жөнүндө Ишкана тарабынан маалымдалат.”;
2.11. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышкан учурда мыйзамдуу болуп эсептелет. Ал эми, Комиссиянын мүчөлөрү анын жыйындарына алмаштыруу укугусуз катышат.”;
-2.12. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын жыйынын анын төрагасы алып барат, ал жокто Комиссиянын төрагасынын орун басары жетектейт.”;
-2.13. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын катчысы Комиссиянын ишине добуш берүү укугусуз катышат. Катчы Ишкана тарабынан дайындалат.”;
-2.14.пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен кабыл алынат жана комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү ага добуш берсе, кабыл алынган болуп эсептелет. Добуштар тең болуп калган учурларда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.”;
-2.15. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын отурумунда протокол түзүлөт, ошондой эле аудио/ видео / сүрөт жүргүзүлөт. Аудио / видео / сүрөт жүргүзүү материалдары протокол менен бирге сакталат.”;
-2.16. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын чечими протоколдук чечим менен жол-жоболоштурулат, ал арыз ээсине ипотекалык шартта турак-жайды берүү же арызды четке кагуу үчүн негиз болуп саналат.”;
-2.17. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын отурумунун протоколуна төрагалык кылуучу, ал эми ал жок учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары жана катчысы кол коёт.”;
-2.18. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Ишкана, Комиссиянын чечими чыккан күндөн тартып,14 календардык күндөн кечиктирбестен, арыз ээсине анын арызын /даттануусун кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.”;
-2.19. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.”;
-2.20. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын отурумдарынын бардык протоколдору белгиленген тартипте, кагаз түрүндө түзүлүп, Ишканада сакталат.”;
-2.21. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Комиссиянын мүчөлөрү кабыл алынган чечимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комиссиянын компетенциясына кирген иш-милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.”;
-2.22. пункту менен толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
“Зарыл болгон учурда, Ош шаарындагы же жалпы Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, Комиссиянын отуруму аралыктан (онлайн режиминде) өткөрүлүшү мүмкүн.”.
2.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230 “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү” жөнүндө токтому менен бекитилген “Ипотекалык кредиттөө шарттында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобонун 3.2. пунктунун 2-абзацы, 3.3. пунктунун 4-абзацы жана 6-абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230 “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү” жөнүндө токтому менен бекитилген “Ипотекалык кредиттөө шарттында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндө” Жобонун 2.5. жана 2.6. пункттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
4.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |