Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №18
“ Кызыл Саз” участогундагы №25 контурда жайгашкан 3,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.
------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Айыл Өкмөтүнүн айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К. Соконовдун маалыматын жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
жайгашкан 3,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берилсин.
жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жана трансформациялоо боюнча иш кагаздарын бүтүрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
Төрага К.Бейшеев