Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №3/1
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин токтомдорун
кыргыз тилинде кабыл улуу жөнүндө
Кара-Бүргөн айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |