Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 1
Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2024-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун
отчётун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-берненин 3;6-пункттарына, 48-беренесинин 12-пунктуна ылайык Баткен шаардык Кеңеинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2024-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчету канааттандыраарлык экендиги белгиленсин (отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги III
сессиясынын №_____ токтомунун
№1 тикемеси
БАТКЕН ШААРЫНЫН 2024-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧАМААЛЫМАТ
1. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын1-мартындагы “2022-2024-жылдарга консолидацияланган бюджеттин максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө” №96-т тескемеси;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө” №454 токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №109 Жарлыгы;
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесинде жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объектерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгы;
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бектитүү тууралуу” №291 токтому;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” №510 токтому;
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы “Өлкө үчүн ишке ашыруусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” ПЖ№63 Жарлыгы;
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” ПЖ№1 Жарлыгы;
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ№23 Жарлыгы;
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-декабрындагы “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ № 561 Жарлыгы;
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы №156 “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгы.
Баткен шаары, 2025-жыл
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү” жөнүндө №454 токтомун аткаруу максатында, 2024-жылдын ичинде бир катар уюштуруучулук жана практикалык иштер жүргүзүлүп, айрым тармактарда урунттуу өсүүлөр байкалып, кээ бир тармактарда стабилдүүлүк сакталды. Алсак,
Өнөр жайпродукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 1 768 900,0 миң сомду түзүп, физикалык көлөмү 147,7%га, же өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 609 367,9миң сомго көп аткарылган.
Бул көрсөткүчтү электр энергиясыз алганда227 993,0миң сомду түзүп, өсүү темпи мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу105,1%, физикалык көлөмүнүн индекси 103,1% түзгөн.
Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда кичи жана калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча жалпы 150 ишканалар катталып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. 2023-жылгысалыштырмалуу калктын жеке ишкердүүлүгү 63кө көбөйгөн.
Жеке ишкерлер жана кичи жана орто бизнесте иштегендер тарабынан -2489044,7миң сомдук чекене соода жүгүртүү жүргүзүлүп, 1 768 910,2миңсомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү.
Шаар аймагындагы ишкерлерге жер участокторун ажыратып берүүдө Чет-Булак аймагынан 2019-жылы атайын 172,9 га өнөр жай зонасы бөлүнүп берилген. Учурда өнөр жай аймагында мал союучу жай, тоок ферма, асфальт-бетон заводу, таш майдалоочу цех, темир-бетон кичи цехи ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
“Ак-Сай Кенч” тоок фермасынынжетекчиси жеке ишкер Абдулаев Адилет тарабынан 35 миң тоокко ылайыкташкан кошумча имарат курулуп, фермада тооктун саны 71 миңге жеткен. Учурда фермада күнүнө 70 миң даана жумуртка алынууда.
Капиталдык курулуш -793 204,7 миң сомдук капиталдык салымдар сарпталып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,0 эсе өскөн.
Айыл чарбасындажалпы өндүрүлгөн дүң продукцияларынын көлөмү 1 039 046,0миң сомго аткарылып, өсүү темпи 104,1 % ды түздү.
Рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү3 537 773,3 миң сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, иш жүзүндөгү баада 112,5%ды, салыштырмалуу баада 103,4%ды түзгөн.
Чекене товар жүгүртүү бардык каналдар боюнча товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 489044,7 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи иш жүзүндөгү баада 106,4%, салыштырмалуу баада 102,4 %га жеткен.
Калкка акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү1 048 728,6 миң сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу иш жүзүндөгү баада 129,9%ды, салыштырмалуу баада 99,6%ды түздү.
Жаңы жумуш орундарды түзүү боюнча - жалпы 1101 адамга жумуш оруну түзүлүп, анын ичинен 442 туруктуу, 554 убактылуу, 105 сезондук жумуш орундары түзүлгөн.
Жумушсуздук боюнча1483 жумушсуз жаран катталган. Алардын ичинен 897 жумушсуздар расмий каттоого алынган.
Орточо эмгек акы:35 382,0 сомду, ал эми өсүү темпи 100,6% түзгөн.
Мамлекеттик салыкжана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 334 771,2 миң сомго аткарылып, 101,1%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 3633,3миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 130,7%ды түзүп, 78 596,2 миң сомго көп аткарылган.
Республикалык бюджет:180724,9 миң сом жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, факты боюнча 184 339,3 миң сом чогултулуп, план 102,0%, же болбосо планга салыштырмалуу 3614,4 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 164,7%ды түзүп, 72 439,8 миң сомго көп аткарылган.
Жергиликтүү бюджет:150 413,0 миң сом план жеткирилген болсо, 150 431,9 миңсомго аткарылып,100,0%, же болбосо18,9миң сомго көп жыйналды. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 6156,4 миң сомго көп аткарылып, 104,3%ды түздү.
Баткен шаарынын аймагында бүгүнкү күндө 2008 ишкер ЭТТК боюнча иш алып барат. Ошондой эле, тейлөө, кызмат көрсөтүү тармактарында 1144 көзөмөл кассалык аппараты орнотулган.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ижара акыларды топтоодо аткарып жаткан иштери боюнча кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлерин, калктуу конуштардагы айыл-чарба багытындагы эмес жерлерин ижарага берүүдө жана муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион аркылуу менчикке сатууда төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды.
Кайра бөлүштүрүү жерлеринин жалпы аянты - 469,0 га түзөт. Анын ичинен сугат айдоо жер - 268,0 га, көп жылдык бак - 124,0 га, кайрак жерлер - 77,0 га.
Ижарага берилбей калган 97,9 га жерлер боюнча алсак;
Сугат айдоо багытындагы 54,0 га жер аянты Аэропорт участкасында жайгашкандыктан, Аэропорттон жерди пайдаланууга макулдук берилбей келет.
Кайрак багытындагы 43,0 га жер аянты Чет-Булак кварталынын Күнгөй участкасында жайгашкан. Кайрак эгүүгө кызыктар тараптар жок.
Жалпы ижара төлөмдөрү боюнча Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментинин карамагындагы жалпы 369,8 га кайра бөлуштүрүү фондунун жерлерин жана 43735 чарчы метр калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө бекитилген планы 6510,8 миң сомго аткарылып 160,6% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 2455,8 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 121,1% га же болбосо 1135,8 миң сомго көп аткарылган. Алсак,
Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди ижарага берүү боюнча бекитилген планы 2140,0 миң сомго аткарылып 138,0% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 585,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 160,3% га же болбосо 805,0 миң сомго көп аткарылган.
Калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерин ижарага берүү боюнча жылдык бекитилген планы 4370,8 миң сомго аткарылып 175,0%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 1870,8 миң сомго көпчогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 108,1% га же болбосо 330,0 миң сомго көпаткарылган.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен Таза-суу” чарбалык эсептеги муниципалдыкишканасынын таза суу төлөмдөрүн жыйноо боюнчабекитилген планы 15 000,0 миң сом болсо, 15 806,0 миң сомго аткарылып 105,4% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 806,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 7357,3 миң сомго көп аткарылган.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен - Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын бекитилген планы 4950,0 миң сом болсо, 5953,8 миң сомго, же план 120,3% аткарылды. Же болбосо планга салыштырмалуу 1003,8 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 104,6% га же болбосо 265,3 миң сомго көп аткарылган.
“Баткен Тазалык” муниципалдык ишканасына долбоордун негизинде 10 тонналык таштанды ташуучу 1 даана автоунаа жана таштанды таштоочу 223 даана урна 13 101,0 миң сомго АРИС уюму тарабынан алынган. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен автобаза” муниципалдык ишканасы2634,1 миң сом киреше таап, пландык көрсөткүчү 128%га аткарылган. Мурдагы жылга салыштырмалуу 583,3 миң сомго көп чогултулуп, өсүү темпи 177%га жеткен. Анын ичинен:
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасыжыл ичинде 2145,3 миң сом киреше тапкан. Бул киреше кызматкерлердин айлык акысына, соц.фонд, киреше салыктарына, жана башка салыктарга чыгымдалып, түшкөн каражаттардан мал базарга 37,0 миң сомго 4 даана байкоо камерасы, 157,4 миң сомго мал кармоочу 6 короо, 1 ооруган малдарды кармоочу жай жана отургуч (скамейка)курулган.
Айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча токтолсок, «Тегирмен башы» асыл тукум эчки чарбасында жалпы 1930 баш эчки бар. Быйылкы жылга карата 500 кг тыбыт таралып, 1691,5 миң сомдук киреше алып келген.Дан эгиндерин жыйноодо 16,0 тонна арпа жана 16,7 тонна буудай жыйналган.
"Кызыл-Дан" айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи түшүмдүүлүгү жогору болгон арпанын “Вакула” сортунан жалпы аянты 10 гектар жерден 31 центнер/га түшүм алып, жалпы 31 тонна арпа үрөнүн жыйнаган. Ошондой эле, жалпы аянты 15 гектар жерден 26 центнер/га түшүм алып, жалпы 39 тонна будай үрөнүн жыйнаган.
Баткен шаары боюнча «Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы» программасы алкагында 2024-жылга кабыл алынган иш чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат
Баткен шаарынын 2021-2025-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында ички жана тышкы инвестиция тартууда Баткен шаарынын 2024-жылга иш чараларынын планына жалпы 1 011 400,0миң сомдук иш-чаралар кабыл алынып, 944 700,0 миң сомго аткарылган.
Баткен шаары боюнча 2024-жылга 66 иш чара кабыл алынган болсо, январь-декабрь айларына карата 37 иш чара аткарылып, 5 иш чара аткарылбай калган. Ал эми 22 иш чарада жумуштар уланып, иш чаранын аткарылышынын пайыздык көрсөткүчү 89,4%ды түзгөн.
(миң сом)
Көрсөткүчтөр | План (миң сом) | Факт (миң сом) | Аткаруу (%) |
Республикалык бюджет | 409 700,0 | 401 700,0 | 98,0 |
Жергиликтүү бюджет | 129 400,0 | 96 700,0 | 74,7 |
Жеке сектор | 211 400,0 | 158 800,0 | 75,0 |
Тышкы инвестиция | 56 950,0 | 68 400,0 | 120,1 |
Ар түрдүү каражаттар | 204 000,0 | 224 000,0 | 109,8 |
| 1 011450,0 | 944 700,0 | 93,4 |
Республикалык бюджеттин эсебинен 409 700,0 миң сомдук 14 иш-чара кабыл алынган, анын ичинен 12 иш чарага каржылоо болуп, 7 иш чара аткарылса, 4 иш чарада жумуштар жүрүп, жыл ичинде 401 700,0 миң сом каржыланып, пландын 98,0%ын түзгөн.Иш чаралардын аткарылышы боюнча негизгилерин алсак;
1. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 15,0 га жер аянтына муниципалдык автобекеттин административдик имараты, санитардык тейлөөсү 100% ишке ашырылып, курулуштун 2-этабы уланууда. Курулуш иштерин “Үсөн-Аман” жоопкерчилиги чектелген коому аткарууда.
2. Чет-Булак аймагынын “Айгүл-Таш” көмөк чордону участкасында муниципалдык дүң соода-сатык комплексинин “А” блогунун пайдубалы түптөлүп, фермасы 70%га аткарылып, монтаждоо иштери жүрүүдө. Долбоордун курулуш иштери “Идеал” ЖЧКсы аткарууда. Ал эми 2024-жылга карата муниципалдык соода-сатык комплексинин “Б” блогунун курулушун “Араван-Ремстрой” ЖЧКсы аткарууда.
3. Өнөр жай аймагынын 4,8 км аралыгына асфальт төшөө, канализация жана суу түтүктөрүн тартуу, тротуар куруу долбоору аткарылууда. Ошондой эле 110/100/35 кВт жогорку чыңалуудагы көмөк чордонун куруу долбоору боюнча каражаттар Баткен шаарына жеткирилип келген. Курулуш иштерин Баткен облустук электр тармактар ишканасы аткарат. Жакынкы күндөрү орнотуу иштерин баштоо алдында турат.Көмөк чордонун куруу үчүн Чет-Булак аймагындагы өнөр жай комплексинен 0,80 га жер тилкеси бөлүнгөн.
4. Баткен шаарынын Базар-Башы аймагындагы С.Айтматов атындагы орто мектебинин жаңы имаратын куруу долбоорунун жалпы суммасы 142,9 млн сомду түзөт.Курулуш иштери 2022-жылдын июнунда башталып, 100%га аткарылып, пайдаланууга берилген. Учурда мектептин расмий ачылуусун уюштуруу иштери жүрүп жатат.
5. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби 56,0 млн сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мектеп имаратынын чатыры алмаштырылып, оңдоп-түзөө иштери толугу менен аткарылган.
6. Дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен И.Раззаков, С.Сыдыков, М.Сейдалиев, И.Каюмов көчөлөрүндө жалпы суммасы 34,7 млн сомду түзгөн тротуар жана сугат суу ноолору орнотулуп, республикалык бюджеттен 16,3 млн сом каржыланып, долбоор толугу менен ишке ашты.
7.ДЭП ишканасы тарабынан 18,0 млн сомго республикалык маанидеги Жибек-Жолу көчөсүнүн 2,5 км аралыгына асфальт төшөлдү.
Жергиликтүү бюджеттен иш-чараларга 129 400,0 миң сом каралган. 2024-жыл ичинде анын 96700,0 миң сому аткарылган, же 74,7% түзөт. Кабыл алынган 37 иш-чаранын ичинен 9 иш чарага 96 700,0 миң сомго каржылоо болуп, 27 иш чара аткарылса, 10 иш чарада жумуштар жүрүп жатат. Негизгилерин атап өтсөк;
№ | Жергиликтүү бюджеттен каржыланып аткарылган иш чаралар | Каражат (млн сом) |
1 | Баткен шаарынын борбордук стадионун спорт комплексин реконструкциялоо долбоору толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. | 10,8 |
2 | Дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен И.Раззаков, С.Сыдыков, М.Сейдалиев, И.Каюмов көчөлөрүндө жалпы суммасы 34,7 млн сомду түзгөн тротуар жана сугат суу ноолору орнотуу долбоору ишке ашкан. | 18,4 |
3 | О.Абдрахманов көчөсүнүн 210,0 метр жолуна асфальт төшөө долбоору ишке ашырылды. | 4,6 |
4 | М.Дүйшөев көчөсүнө тротуар жана суу ноолору орнотулду. | 0,3 |
5 | И.Раззаков көчөсүндө кошумча тротуар жаткыруу иштери аткарылды |
|
6 | Базар-Башы аймагынын Токтогул-Олуя конушуна жана Булак-Башы аймагынын Кызыл-Таш участкасына 3,5 км аралыкка жергиликтүү бюджеттен каржыланып таза суу түтүгү тартылды. | 2,0 |
7 | Курманжан Датка жана И.Раззаков көчөлөрүн жашылдандыруу максатында тамчылатып суугаруу системасын орнотуу долбоору ишке ашырылды. | 0,4 |
8 | Жол белгилерин орнотуу, светафорлорду тейлөөгө | 2,0 |
9 | Асфальт жамоо иштери Н.Исанов, М.Нургазыев, И.Жусупов көчөлөрүндө жүрдү. | 1,0 |
10 | Базар-Башы аймагындагы Н.Боркошов көчөсүн асфальттоо боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 7 100,0 миң сомду түзөт. |
|
11 | ЕБРРден берилген «Баткен шаарынын таза суу жана канализация системаларын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн алынган кредиттин 2024-жылга төлөмү. | 13,0 |
12 | Мэриянын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү | 2,71 |
13 | ЛЭД экран сатып алуу | 4,60 |
14 | Музыкалык аппаратураларды сатып алуу |
|
15 | Компьютер сатып алуу | 1,8 |
16 | Кеңсе буюмдарын сатып алуу | 0,20 |
17 | Желекче туу сатып алуу | 0,40 |
18 | Мэрияга кондиционер сатып алуу | 0,4 |
19 | Муниципалдык мал базарга видео көзөмөл орнотуу | 0,30 |
20 | Басма сөз катчыга оргтехникаларды сатып алуу | 0,2 |
24 | 707 аскер бөлүгүнө айкел орнотуу | 2,90 |
|
| 66,01 |
Жеке сектордон 211 400,0 миң сом тартуу пландалган болсо, 12 ай ичинде 158 800,0 миң сом тартылган, бул 75%ды түзөт.
№ | Жеке сектор тарабынан аткарылган иш чаралар | Каражат (млн сом) |
1 | “Автомагистраль” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өнөр жай аймагында асфальт бетон заводу жана таш майдалоочу цех курулуп, пайдаланууга берилди | 55,0 |
2 | “Кара-Белес” жоопкерчилиги чектелген коому Дөгмөн жайлоосунан көмүр кенин ачып ишке киргизилди. | 65,0 |
3 | “Автомагистраль” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Кызыл-Дөң аймагынын Тамаша-Жай 3 көчөсүнүн 200,0 метр аралыгына асфальт төшөлдү. | 1,1 |
4 | “Равза” эс алуу борбору ачылып пайдаланууга берилди. | 8,50 |
5 | Кызыл-Жол аймагында Полотов Тойчу тарабынан 3 кабаттуу соода түйүнүн курулушу жүрүп жатат. | 9,0 |
|
| 138,6 |
Тышкы инвестиция
Тышкы инвестиция тартууда 68 400,0 миң сомдук 5 иш чара кабыл алынып, 4 иш чара аткарылып, калган 1 иш чарада жумуштар уланууда.
Ар түрдүү каражаттардан 224 000,0 миң сом пландалса, 12 ай ичинде 224000,0 миң сом толук ишке ашырылып, 100,0% аткарылышты көрсөтөт.
№ | Иш чаралар | Каржы |
1 | И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын 300 орундуу ординатордук медициналык имаратынын курулушу аткарылып, пайдаланууга берүү алдында турат. | 67,3 |
2 | КР Улуттук Банкынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын куруу долбоорунун курулуш иштери жанданды. | 40,0 |
3 | Сайдиман ажы көчөсүнө 80 кВ электрунааларын кубаттоочу станция курулуп, пайдаланууга берилди. | 1,3 |
4 | Баткен ПЭСтин 3 кабаттуу жаңы имаратынын курулуш долбоору. Долбоордун жалпы суммасы 213,0 млн сомду түзөт. Пайдаланууга берилди. |
|
5 | Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө. |
|
6 | Базар-Башы аймагына социалдык объектилерди куруу долбоору “Жаштар ассамблеясы тарабынанишке ашырылууда. (140 орундуу балдар бакчасы, ФАП, дарыкан, мечит) | 18,0 |
Автомобилдик жолдорду реабилитациялоо жана асфальттоо боюнчажалпы 4589,0 метр жолго асфальт төшөлүп, 58 730,0 миң сомго аткарылды. Ошондой эле 900,0 миң сомго асфальт жамоо иштери жүрдү.
Дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен И.Раззаков, С.Сыдыков, М.Сейдалиев, И.Каюмов көчөлөрүндө 1936,7 метр аралыкка жалпы суммасы 34 700,0 миң сомго тротуар жана суу ноолору орнотулду.
Автомобиль транспорту:Баткен шаарынын 6 аймагы “103, “104” муниципалдык ичкиавтобустук жана район аралык “315”, “101” маршруттукички каттамдар менен камсыздалган.
Мындан сырткары Бишкек шаарынын мэриясы менен Баткен шаарынын мэриясы ортосунда түзүлгөн меморандумдун негзинде 2025-жылга карата шаар аймагына троллейбус линияларын тартуу долбоору башталаар алдында турат.
Учурда бул долбоорду ишке ашыруу боюнча атайын комиссия түзүлүп маршруттук каттамдары аныкталып жатат. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынан бөлүнгөн троллейбустарды Баткен шаарынын мэринин орун басары А.Орозов жайында карап, жоопкерчиликтүү сактоого коюп келди. Бөлүнгөн троллейбустар 2025-жылдын 1-кварталында ташылып келет.
Жайыттарды жакшыртуу:Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” №735 токтомунун негизинде Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-январындагы “Баткен шаардык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүлктөрүнжана зарыл болгон документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө” №20 буйругу иштелип чыгып, Анын негизинде Баткен шаардык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүлктөрү Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүлүп берилген.
Бүгүнкү күндө Баткен шаардык Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жоюлуп муниципалдык менчик департаментине 1 штаттык бирдик берилип, жайыттарды пайдалануу ишмердүүлүгү колго алынган.
Жер мунапысы боюнча: иш чаралар башталгандан бери 42 протокол кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1197 арыз келип түшүп, Баткен шаарынын аймактык башкармалыктары тарабынан комиссиянын кароосуна сунушталган. Анын ичинен 1133 арыз канаатандырылып, аймактык башкармалыктардагы жарыя тактайчаларына илинген. Ал эми 1165 жарандын жалпы 113,8 га түзгөнжер аянттары мыйзамдаштырылып, Баткен шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилип берилген. Анын ичинен коргоо тилкеде турган (электр линияларынын, суу каналдарынын, таза суу түтүктөрүнүн, коомдук пайдалануудагы жерлердин ж.б.) жер аянттарга мыйзамсыз курулуштарды куруп алган 92 жарандын арыздары кайтарылган.
Ошондой эле, архитектура ишканасы тарабынан 816 жаранга корутундулар берилген. Ал эми Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Баткен филиалы тарабынан 508 жаранга мамлекеттик каттоо актылары жана 484 жаранга техникалык паспорттор берилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге,жол боюндагы тейлөө обьектеринин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын-алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №56 Жарлыгынын алкагындаБаткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4-ноябрындагы №351-б буйругу иштелип чыккан. Баткен шаарынын аймагындагы республикалык маанидеги жолдордун боюндагы мыйзамсыз курулуштар боюнча комиссиябир топ иштерди алып барды. Алсак,
Баткен шаарынын Сайдиман-Ажы көчөсүндөгү төмөнкү жарандардын курулмалары буздурууга даярдалып жатат.
– Алибаев Нуралиге таандык 202,0 м2 дүкөн; Темиров Жеңишке таандык 25,0 м2 дүкөн; – Абдуллаев Нуралиге 0,10 га турак жай.
Негизинен бул жарандардын курулмалары республикалык маанидеги жолдун коргоо тилкесинде жайгашып, шаарыбызга облустук статус бериле элек мезгилде документтештирилип калган.
Ушул эле жарлыкты аткаруу максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 5-майындагы №117-б буйругу иштелип, Баткен шаарынын мэриясы, Жол жана транспорт коопсуздук чөйрөсүнө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы, Баткен ДЭП-2 ишканасы менен биргеликте рейддер уюштурган.
Анын негизинде Баткен шаарынын аймагындагы Ош-Баткен-Раззаков автожолунун коргоо тилкелерине курулган 16 коммерциялык объектилер такталган. Бул объектилердин ээлерине Баткен ДЭП-2 ишканасы тарабынан эскертүүлөр берилген.
Рейд учурунда эскертүү берилген ишканалар боюнча алсак, 2023-жылдын 22-сентябрь күнү Жеке ишкер Мусаева Шарапаттын «Унаа жуучу жайы» жеке ишкер Абдуллаева Айсулуунун дүкөнү, жеке ишкер Турдубаев Мухидиндин «Тез татым» ашканасы, жеке ишкер Осмонов Максаттын дүкөнү, жеке ишкер Шүкүров Батырдын «Аксарай» мейманканасы, Аскаров Абдыкалыктын «Май алмаштыруучу жайы», Саттаркулов Алмаздын “Техникалык кароо” жайы, Абдилазизов Манастын “Партнер нефт” май куючу жайы, Ташкожоев Динмухамметтин “Азык түлүк дүкөнү” Мажитова Карачачтын “Асанбек дүкөнү” жана “Салкын-Төр” эс алуучу жайы каралып эскертүүлөр берилген. Анын ичинен Осмонов Максатка жана Мусаева Шарапатка 3000 сомдон айып пул салынган.
Жогорудагы автомобиль жолдорунун жээгиндеги коргоо тилкелерин ээлеп алган жарандар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан эскетүүлөрдү берүү менен коргоо тилкелер бошотулган.
Камсыздандыруу боюнча: Баткен шаарында жалпы 3791 турак жай болсо, 2024-жылга 1896 турак жайды камсыздандыруу планга киргизилген. Бүгүнкү күндө 1080 турак жай камсыздандырылып, 56,9% аткарылган.
Ошондой эле шаардык мекеме-ишканаларда эмгектенген жалпы 1241 кызматкердин 499 турак жайлары камсыздандыруудан өтүп, камсыздандыруу 40,2% аткарылган.
Ал эми шаардык мекеме-ишканаларга тиешелүү кыймылдуу мүлктүн жалпы саны 34 болсо, бүгүнкү күндө 10 автоунаа камсыздандырылып, 29,4%га аткарылган.
Калкты турак жай менен камсыз кылуу боюнча алсак, акыркы жолу Баткен шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы №03-24/264 токтому менен 337 адамга, 2012-жылдын 12-декбрындагы №03-24/330 токтому менен 283 адамга жалпы 620 адамга 0,8 сотыхтан турак жай куруу үчүн жер аянттары бөлүнүп берилген.
2023-жылдын 12-айына карата турак жайга муктаж арыз бергендердин саны 5200адамды түздү. Башкача айтканда шаар калкынын 15,2%ы турак жайга муктаж.
Баткен шаарынын мэриясы калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында шаардын Кызыл-Жол жана Чет-Булак аймактарынан жалпы 199,6 га жер аянтын трансформациялоо боюнча шаардык деңгээлдеги иш кагаздары даярдалып жогорку органдарга сунушталган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин деңгээлинде каралып жатат.
Мындан тышкары Баткен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2364 батирге ылайыкталган 1,2 жана 3 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок ипотекалык турак жай комплексинин курулушу жүрүүдө. Баткен шаарынын Алымбек-Датка көчөсүнөн 7,0 га жер аянты бөлүнүп берилген.
Баткен райондук электр тармактар ишканасы 2024-жыл ичинде 8 даана көмөк чордонду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 115 даана планда каралган көмөкчү чордонго техникалык тейлөө иштерин жүргүздү.
Ошондой эле планда каралган 10/6 кВ аба-чубалгысынан 96,356 км, ал эми 0,4 кВ аба чубалгысынан 112,03 км техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.
Капиталдык курулуш планына ылайык Баткен шаарында 10/6 кВ аба чубалгысына 268 даана, 0,4 Кв кичи аба чубалгысына 106 даана темир бетон электр мамычалары орнотулуп, 10/6 кВ аба чубалгысынан 3 км куруу иштери, 7 км реконструкциялоо жумуштары аткарылды.Ал эми 0,4 кВ аба чубалгысынан 1,5 км реконструкция болуп, СИП кабельге алмаштырылды.
Социалдык тармак боюнча: Баткен шаарынын калкынын саны 34010 адамды, 7893 үй-бүлөнү түзөт.
Бүгүнкү күндө шаарда 905 үй-бүлө жакыр деп аныкталып, жакырчылыктын деңгээли 12,6%ды түздү. 2023-жылдын отчеттук мезгилине карата 1076 үй-бүлө же 13,8%ды түзгөн болсо, бул көрсөткүч жакырчылыктын деңгээли 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 171 үй-бүлөгө же 1,2% кыскарган.
Эмгек рыногу боюнча:
Экономикалык жактан активдүү калк | 18801 |
Иштеген калктын саны | 2896 |
Эсепте турган жумушсуздардын саны | 1483 |
Расмий катталган жумушсуздардын саны | 897 |
2025-жылдын 1-январына карата жалпы жумушсуздардын санышаар боюнча 1483 кишини түзгөн жана иш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий катталган жумушсуздардын саны 897 адамды түзүп, алардын ичинен 436 аялдар. Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 7,9% түзгөн.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын саны - 374 адамды түзөт.
Баткен райондук статистика комитетинин маалыматы боюнча - 13226 жашы жете элек балдар катталган.
Алсак;
Тоголок жетим балдар | 12 |
Жарым жетим балдар | 242 |
Майыптуулугу бар балдар | 203 |
Майыптуулугу бар үйүндө билималган балдар | 5 |
Майыптуулугу бар билим ала албаган балдар | 5 |
Камкорчулукка көзөмөлчүлүккө берилген балдар | 12 |
Шаарда 5 үй-бүлөнүн 10 баласына жеке иштөө планы түзүлүп, каттоого алынган.Ички жана тышкы миграцияда жүргөн 151 үй-бүлөнүн 302 баласы аныкталган.
Баткен шаары боюнча аз камсыз болгондор үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулу 300 үй-бүлөнүн 1021 баласына, ал эми 517 жаранга социалдык жөлөк пул дайындалып, 66,0 млн 483миң сомдук мамлекеттик жөлөк пул төлөнүп берилген.
Ал эми 2023-жылдын отчеттук мезгилине карата “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучу үй-бүлө 501 үй-бүлөнү түзүп, социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 504 жаранды түзгөн. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны социалдык келишимдин негизинде 201 үй-бүлөгө кыскарып, 82,0 млн 100миң сомдук мамлекеттик жөлөк пул жана ай сайын берилүүчү жөлөк пул төлөнгөн. Бул көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 млн 617 миң сомго аз төлөнгөн.
Социалдык келишим:Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” №385-токтомунун алкагында Баткен шаарынын аймагында жалпысынан 2022-жылы 11 үй-бүлөгө, 2023-жылы 65 үй-бүлөгө жана 2024-жылы 169 үй-бүлөгө100,0 миң (жүз миң) сомдон жалпы үч жылдын ичинде 245 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп акча каражаты төлөнүп берилди.
Баткен шаарында 3190 пенсионер бар. Алардын ичинен, карылыгы боюнча 2364, багуусунан ажырагандыгы боюнча 143, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер 683 пенсионерди түзөт.Бүгүнкү күндө пенсиянын өлчөмү жогорулагандыгын эсепке алуу менен пенсионерлерге 392 000,0 миң сомдук пенсия төлөнгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу 18 адамга жана 70 000,0 миң сомго көп төлөнгөн. Орточо пенсия 11,2 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 2,0 миң сомго жогорулаган же 121,9% өскөн.
Билим берүү тармагы:Баткен шаарынын аймагында 7 орто, 1 Баткен облустук жатак-мектеби, Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт мектеп интернаты, 2 башталгыч, 5 жеке менчик мектептер жана 6 мамлекеттик, 8 жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелери өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келет.
Белгилеп кетүүчү учур, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык Баткен областтык гимназия-жатак мектеби, Баткен облустук жатак мектеби болуп кайра түзүлдү.
2024-2025-окуу жылына карата билим берүү мекемелеринде 7479 окуучу мамлекеттик, 671 окуучу жеке менчик мектептерде билим алат. Мамлекеттик мектептерде488мугалим, жеке менчик мектептерде 60 мугалим окуучуларга билим тарбия беришет. Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде 2024-2025-окуу жылында 5 окуучуга үйдө окутуу иштери жүргүзүлөт.
Мамлекеттик балдар бакчаларында 1423 балага 52 тарбиячы, жеке менчик балдар бакчаларында 305 балага 24 тарбиячы билим тарбия берет.
2024-2025-окуу жылынды жалпы мамлекеттик жана жеке менчик мектептерге 808 окуучу кабыл алынган болсо, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына учурда 1200 бала кезекте турат.
2024-2025-окуу жылына карата Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердеги балдардын социалдык абалы боюнча:
-ата-энеси тышкы миграциядагылар-302
-турмуш шарты оорокуучулар -118
-көп балалуу үй бүлөлөр-400
-тоголок жетим-10
- ИДНде учетто турган окуучулардын саны-7
(2024-жылдын 16-июнунда каникул мезгилинде дүкөнгө уурулук киришкен. Баткен шаарынын мэриясынын балдар иштери боюнча комиссиясында каралып каттоого алынган)
2024-2025-окуу жылында билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө иштери үчүн республикалык бюджеттен мектептерге 780 000 сом, балдар бакчаларына 500 миң сом акча каражаты бөлүнүп, кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
2024-2025-окуу жылынын 1-январына карата шаардык мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 280 мугалими жана тарбиячысы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча институтунан, Ош билим берүү институтунан, Баткен облустук билим берүү усулдук борборунан квалификациясын жогорулатуу боюнча окуудан өткөрүлгөн.
Олимпиада, жалпы республикалык тестирлөө жана “Алтын тамга” боюнча:2023-2024-окуу жылында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын облустук турунан Баткен шаарынан 7 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп, республикалык этапка жолдомо алышты.
Олимпиаданын республикалык турунан Баткен облустук гимназия жатак-мектебинин9-классынын окуучулары Аскарбек кызы Асема орус тилинен 2-орунду, Сайпидинова Самара тарых предметинен 3-орунду камсыз кылышты.
Олимпиаданын облустук жана республикалык турунан байгелүү орунду камсыз кылган окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерине Баткен шаардык мэриясы тарабынан 83,0 миң сом материалдык колдоо көрсөтүлгөн.
Тактап айтканда жалпы 2024-жыл ичинде билим берүү тармагына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 653,0 миң сомдук колдоо көрсөтүлгөн.
“Алтын Тамга” артыкчылык аттестатын алууга шаар аймагындагы орто мектептерден 44 окуучу катышкан. Жыйынтыгында Баткен облустук гимназия жатак-мектебинен 5 окуучу “Алтын Тамга”артыкчылык аттестатына ээ болгон. Аларга Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 5,0 миң сомдон жалпы 25,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Ошондой эле Баткен шаардык Кеңешинин чечими менен мыкты окуучу Курбанбекова Алиенорага "Жаш кеменгер" наамы ыйгарылып, 25,0 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
“Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын республикалык турунда Баткен облустук гимназия жатак-мектеби жана Ж.Бөкөнбаев орто мектеби баш байгени камсыз кылган.
Жалпы Республикалык тестирлөө боюнча:Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн тестирлөөгө жалпы 329 бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 305и катышып, 110 упайдан жогору алгандардын саны 231ди же болбосо пайыздык көрсөткүч менен караганда 75,7% түздү. Катышуучулардын орточо упайы 131,6 баллды түзүп, 2023-жылдын көрсөткүчүнө салыштырганда 9 упайга жогорулаган.
Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн жалпы мектептеринин 1-класстан 11-класска чейинки окуучуларынын китеп менен камсыз болуусу 2022-2023-окуу жылында 84%, 2023-2024-окуу жылында 85,25%, 2024-2025-окуу жылында 83,71% камсыз болушкан.
Баткен шаарынын мэриясы тарабынан олимпиаданын, таймаштардын жеңүүчүлөрүнө жана даярдаган мугалимдерине, шаардык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлүп келет.
Орто кесиптик билим берүү боюнча№57кесиптик лицейинде 2023-2024-окуу жылында бюджеттик негизде 249 окуучу билим алып, 190 бүтүрүүчү окууну ийгиликтүү аяктады. 2024-2025-окуу жылында 255 окуучуга 30 мугалим таалим-тарбия берүүдө.
Бүгүнкү күндө лицейде инклюзивдүү өсүү үчүн долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү Банкы тарабынан окуу жайдын №1 окуу корпусу жана жатаканасы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. АБРдын долбоору тарабынан 1 компьтердик класска 13 даана компьютер алынды. 2 окуу классына жаңы парта отургучтар, жыйындар залына, компьютердик класска эмеректер коюлду.
Балдардын жайкы эс алуусу:Баткен шаарынын аймагындагы тоголок жетим, жарым жетим, турмуш шарты оор, окуунун мыктылары болгон балдардын жайкы эс алуусун жогорку деңгээлде уюштуруу максатындаЫсык-Көл облусундагы "Алтын-Балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунда 30 бала эс алууга жөнөтүлдү.
“Дары-Булак” эс алуу жайына Баткен шаарынан жалпы 80 бала эс алууга жөнөтүлүп, жергиликтүү бюджеттен 480,0 миң сом акча каражаты балдардын жайкы эс алуусу үчүн бөлүнүп берилген.
Билим берүү уюмдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгына карата көмүр менен жылытылуучу 6 мектеп, 2 бала бакчага жаңы окуу жылына керектелүүчү 392 тонна көмүр менен толук камсыз болду.
Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча Баткен шаарынын аймагында 3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ), 4 Фельдшердик-акушердик пункту (ФАП) иш алып барат. Анда жалпы 44 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 8дарыгер, 27 ортомедициналык кызматкер, 9 каттоо жана тейлөө кызматкерлери эмгектенишет.
Баткен шаарынын аймагында 2024-жыл ичинде 480 кош бойлуу эне катталып, жыл ичинде 797 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Жыл ичинде 1 эненин жана 10 ымыркайдын өлүмү катталган.
Баткен шаарынын аймагындажыл ичинде жугуштуу оорулардын абалы стабилдүү болуп, Сибирь жарасы, кутурма, көк жөтөл, безгек, столбняк, шал жана дифтерия сыяктуу жугуштуу оорулар жана тамак-аштан уулануу катталган жок.
Спорт тармагы боюнча шаарда 6 жабык спорт зал, 10 кичи футбол аянтчасы элге кызмат көрсөтүп келет. Баткен шаарынын аймагында өткөн ар бир майрамда жана андан тышкары Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жылдык иш планына жараша спорттук мелдештер тынымсыз өткөрүлөт.
Баткен шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургундарын саламаттыгына кам көрүү жана дени сак жашоо образын калыптандырууга багыттоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен борбордук стадиондо жайгашкан спорттук комплекспайдаланууга берилди. Спорттук комплекстин 1-кабатында таэквандо, күрөш, машыгуу залы жана аялдар үчүн фитнес жайлары жайгашып, 2-кабатында заманбап кичи футбол аянчасы орун алган.
Майрамдык иш-чараларга, даталуу күндөргө жана Баткен шаарынын мэриясы менен Баткен шаардык спорт жана дене тарбия бөлүмүнүн иш планына ылайык, спорттун футбол, бильярд, көк бөрү боюнча шаар биринчилиги өткөрүлөт. Ошондой эле облустук, республикалык мелдештердин жеңүүчүлөрүнө 2024-жыл ичинде жалпы 205,5 миң сомдук колдоо көрсөтүлгөн.
Маданият тармагы боюнча:Баткен шаарынын мэриясынын иш планына ылайык, 8-март, Нооруз, 9-май Улуу Жеңиш майрамына, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө, 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата, 14-октябрь Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааркесине жана 31-декабрь жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар, көргөзмөлөр уюшкандыкта өткөрүлүп, концерттик программалар тартууланды
Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана ишембиликтер боюнча Баткен шаарынын мэринин 2024-жылдын 13-мартында “Баткен шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө” №70-б буйругу чыгып, иш-чаралардын планы бекитилген.
Көрктөндүрүүнүн алкагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү, гүлдөрдү сатып алууга 350,0 миң сом акча каражаты каралган. Шаар аймагында 500 түп көк терек, 50 түп павлония, 150 түп арча (кипарис), 90 түп слива-писсарди, 150 түп дуб, 50 түп можевельник, 100 түп сосна, 50 түп кызыл чынар дарактарынын көчөттөрү жана жергиликтүү тургундар тарабынан 23150 түп мөмөлүү жана мөмөсүз көчөттөр отургузулду.
Өткөрүлгөн ишембиликтерде жалпы 78,5 тонна аркандай таштандылар чыгарылып, 27,4 га жер аянт тазаланды. Шаардын М.Нургазыев жана Т.Садыков көчөлөрүнүн кесилишине, борбордук стадиондун күн батыш тарабына гүл идиштер орнотулуп,Чет-Булак аймагындагы Курманжан Датка көчөсүнө көп жылдык көчөттөр отургузулуп, тамчылатып суугаруу системасы орнотулду.
Социалдык тармакка жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттар:Турмуш шарты оор жана башка себептерден улам жардам сураган 40 жаранга -300,6 миң сом.Жакыр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 100 жаранга күз-кыш мезгилине карата -200,0 миң сом (ар бирине 2000 сомдон) материалдык жардамдар берилген.
Майрамдык иш-чаралардан 1-октябрь Улгайгандар күнүнө карата 80 жаштан жогору 100 улгайган жаранга -200,0 миң сом.Жаңы жылдык балаты майрамына 120 окуучуга -150,0 миң сом.1-июнь Балдарды коргоо күнүнө -72,0 миң сом. 31-декабрь Жаңы жылдык майрамга белек сураган 48 балага -11,4 миң сомдук белектерге жалпы 433,4 миң сом бөлүнгөн.
Ардагерлерди жана өзгөчө категориядагы жарандарды колдоо боюнча:Чернобыль апаатын жоюуга катышкан 2 жаранга -30,0 миң сом.Афган согушунун ардагерлерине -70,0 миң сом.Улуу Ата Мекендик согуштагы оруктун ардагерлери болгон 2 жаранга -40,0 миң сом.Баткен согушунун ардагерлерине -50,0 миң сом.1-декабрь ДМЧ күнүнө карата 100 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга -200,0 миң сом, жалпы 390,0 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Мындан тышкары“17-ноябрь Ара төрөлгөн балдар” майрамына 6 ымыркайга -15,0 миң сом."Нур" балдарды калыптандыруу борборуна майрамдык маанай тартылуу үчүн -37,5 миң сом, кошумча материалдык жардам -8,0 миң сом бөлүнүп берилип, жалпы 1484,5 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жарандарга жана коомдук иш-чараларга багытталган.
Кадрлар жана уюштуруу иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 сандуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндөгү”Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы №17 сандуу “2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү туралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында Баткен шаарынын мэриясы, жогоруда аталган жарлыктардын алкагында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кадрлар менен толуктоо, заманбап технологиялык жана санарип дүйнөнүн талаптарына жооп берүүгө жөндөмдүү кадрларды ишке тартуу менен алардын квалификациясын жогорулатуу максатында аппараттын кызматкерлерин кыска мөөнөттүү окутууларга, тажрыйба алмашууга жиберүү, аттестациядан өткөрүү, ички резервди түзүү иш аракеттери жүргүзүлдү.
Жыл сайын зарылчылыкка жараша ачык конкурстар өткөрүлүп турат. Атап айтканда 2024-жылы 2 жолу ачык конкурс өткөрүлүп, улук кызмат тобуна 4 талапкер, кенже кызмат тобуна 8 талапкер ички резервге киргизилди. Жыл ичинде ички резерден 6 талапкер кызмат орундарына дайындалды.
Кыргыз Республикасынынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын7-февралындагы “Аймактык ирилештирүү мезгилиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” №52 токтомуна ылайык Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү структурасы жана штаттык бирдиктери бекитилди.
Эске салсак: Баткен шаарынын мэриясынын аппаратында 17 административдик муниципалдык кызмат орду бар. Анын ичинде саясий 1, Башкы кызмат тобу 2, Улук кызмат тобу 7, Кенже кызмат тобу 7.
Кызматкерлерди кайра даярдоо багытында кадрларды окутуу боюнча 2024-жылга жергиликтүү бюджеттен 70 миң сом акча каражаты каралган. 2024-жылы донорлордун каражаттарынын эсебинен 6 муниципалдык кызматкер, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 муниципалдык кызматкер, ал эми тейлөө кызматтарынан 1 кызматкер окууга жөнөтүлгөн. (Жалпы: 16 кызматкер).
Баткен шаарынын мэринин Баткен шаарынын эли менен боло турган жолугушуусунун графиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан2024-жылдын 14-март айында бекитилген. Түзүлгөн графикке ылайык шаардык мекеме–ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин Баткен шаарынын мэринин 4 аймактык башкармалыктын эли менен жолугушуулары болуп өттү. Эл менен жолугушуунун жыйынтыгында 26 маселе боюнча иш чара түзүлүп, 17 маселе аткарууга алынып, 9 маселе 2025-жылдын иш-чарасына киргизилди. Булар бала бакча куруу, таза суу, жолдорду кеңейтүү, жарыктандыруу.
Баткен шаарынын мэриясына 2024-жыл ичинде келип түшкөн арыз кайрылуулар боюнча Баткен шаарынын мэриясына 2024-жылдын ичинде 3350 кат келип түшкөн, каттарубагында аткарылып, кечигип аткарылган каттар жок. Ошондой эле мэрия тарабынан 5399 кат жогорку органдарга жана мекеме-ишканаларга жиберилген.
Жалпысынан жыл ичинде 1272 арыз, кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан - 14, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан - 60(анын ичинен 7 арыз кайрылуу КРПА келген), КР Акыйкатчысынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнөн - 5, Баткен шаардык Кеңешинен - 2 .
Жыл ичинде жалпы 922 жазуу жүзүндөгү арыз, кайрылуу келип түшүп, каттоого алынган. Алардын ичинен мөөнөтүндө аткарылганы - 904, ал эми 18 арыз аткарууда турат.
Кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырылганы - 427, түшүндүрмө берилгени - 267, жарым жартылай чечилгени - 140, четке кагылганы -70.
Маселенин мазмуну боюнча:
- Башка маселелер боюнча - 120(13%)
- Турак-жай маселеси – 108(11,7%)
- Материалдык жардам - 84 (9,1%)
- Таза суу, жол, канализация маселелери – 43(4,7%)
- Токтомдогу аты жөнүн туура көрсөтүп, токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө -196(21,3%)
- Билим берүү маселеси - 6 (0,65%)
- Электр энергия маселеси - 13(1,4%)
- Жер маселеси -352 (38,2%)
Мэрдин жана орун басарларынын жеке кабыл алуусунда 350 кайрылуу кабыл алынып, анын ичинен 175 кайрылуу катталып, аткарууга алынган. Ал эми 175 кайрылууга түшүндүрмө берилип, маселе жайында чечилген.
Катталган 175 кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча оң чечилгени - 86, түшүндүрмө берилгени - 58, жарым-жартылай чечилгени - 9, четке кагылганы - 19, аткарууда - 3 кайрылуу турат.
Маселенин мазмуну боюнча:
- Башка маселелер – 26(14,85%)
- Материалдык жардам – 43(24,6%)
- Таза суу, жол, канализация маселелери – 12(6,85%)
- Электр энергия маселеси –1(0,6%)
- Жер маселеси – 44(25,1%)
- Токтомдогу аты жөнүн туура көрсөтүп, токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө – 49(28%)
Ал эми, социалдык тармактар аркылуу 3 (үч), “Биринчи кабылдама” Кыргыз радиосу аркылуу 2 (эки) кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууларга ыкчам көңүл бурулуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, маселе жеринде чечилген.
Кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу боюнча жалпысынан укук бузуулардын бирдиктүү реестрине 2024-жыл ичинде 747/сот 45(жалпы-279) бузуу протоколу түзүлүп, 815,0 миң (445500) сом айып салынып, анын ичинен 803,5 миң(325500) сом айып өндүрүлгөн.
Шаардык ички иштер бөлүмүндө 2024-жылдын башында 214 атуул профилактикалык каттоодо турган болсо,12 ай ичинде 10 атуул каттоого алынып,1атуул каттоодон чыгарылды.
Баткен шаарынын аймагында отчеттук мезгилде профилактикалык каттоодо баары болуп 224 (210) атуул турат.
Кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо боюнча жалпысынан алганда 2024-жылдын 12 ай ичинде 166 жолу кыдыруулар болуп, анын ичинен кыдыруу учурунда Баткен шаарынын аймагында 12 айда 75 атуул милициянын көчмө кабылдамасына ар кандай кайрылуулар менен кайрылып, оозэки юридикалык жардам сурагана. Жеринде 60 кайрылуулар чечилген. Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу чакырууларга барып, тартип бузган 211 атуулга Кыргыз Республикасынын Укук Бузуу жөнүндөгү Кодексинин негизинде 188-берене 1-бөлүмүнүн негизинде протоколдор толтурулуп, айып пул салынып, өндүрүлдү.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Баткен шаарынын аймагында жалпысынан 44(37) үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталып, баарына коргоо ордерлери толтурулуп берилген. Ал эми анын ичинен 17 материал соттук кароого жөнөтүлүп, 11 атуулга коомдук жумуш, ал эми 6 атуулга 3 суткалык камакка алуу токтомдору чыгарылып, калган 27 материал боюнча тергөөнүн жүрүшүндө өз ара келишип алгандыктан Кылмыш Жаза процессуалдык Кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде кыскартылган.
Коомдук уюмдар менен иштөө багыты боюнча Баткен шаарынынаймагында 1 КААБу(коомдук алдын алуу борбору),4 курамдан турган 1 аксакалдар соту,11 курамдан турган 1 аялдар кеңеши ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Шаардын КААБны жыл ичинде баары болуп тергөө кызматы тарабынан 11 (1) сунуш, жөнөтүлдү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Баткен шаардык ички иштер бөлүмү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 12 ай ичинде жол-унаа кырсыгын болтурбоо жана алдын алуу боюнча профилактикалык жана уюштуруу иштери жүргүзүлдү.
Алдын алуу иштеринин жана жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруудагы аракеттерге карабастан Баткен ШИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнө жыл ичинде 22 жол транспорттук кырсыгы катталган. Андан 35киши жараат алып, 2 киши каза болгон. Жаш өспүрүмдөр катышкан 6 жол кырсыгы катталып, 6 жаш өспүрүм денесинен ар кандай жараат алып, каза болгондор жок.
Жол кыймылына жана административдикпрактикага көзөмөл жүргүзүү боюнча 2024-жылдын 12-ай ичинде Баткен ШИИБү боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузган 5947 (2023-ж 5504) айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү, салыштырмалуу +443 административдик протокол көп толтурулган.
Анын ичинен автоунааны мас абалда башкарган 136 (2023-ж 111) айдоочуга административдик протокол түзүлүп 2023-жылга салыштырмалуу +25 административдик протоколго көп.
“Коопсуз шаар” долбоору боюнча 305 даана протокол келип, толук төлөнүп бүткөн.
Жарандык коргонуу: Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планына Баткен шаарынын аймагынан 1 объект киргизилип, Чет-Булак аймагындагы сел өтүүчү сайдын 600метр аралыгын механикалык тазалоо жумуштары аткарылды. Ал эми Баткен шаарынын мэриясы тарабынан Кызыл-Жол аймагында жайгашкан сел аранын 2 км аралыгына механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлгөн.
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан шаардык деңгээлде 10 жолу штабдык машыгуулар өткөрүлгөн.
2025-жылга ААжКЖ иш мерчемине 4 обьект киргизилди. Жыл ичинде сел жүрүүчү сайдан алынып жаткан кум, шагалдарга жана сел арадан өткөн канализация трубасына эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча:2024-жылдын башынан бери шаардын аймагында 49 өрт кырсыгы катталды.Өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар 28 218,2 миң сомду түзөт жана өрт кырсыгынан сакталган материалдык баалуулуктар 214 713,0 миң сомду түзөт. Жыл ичинде көптөгөн мекеме-ишканаларга жана билим берүү мекемелерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен төрт жолу базарларга, үч жолу мектептерге жана бир жолу №57кесиптик лицейине жана Баткен мамлекеттик университетине өрттүк-тактикалык машыгуулар өткөрүлдү. Ошондой эле өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча 6 жолу теле берүүгө, “Салам” радиосу, маалымат каражаттары жана интернет булактары аркылуу (фейсбук) 18 жолу материалдар жарыяланды.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга 2024-жылы жергиликтүү бюджеттен 500,0 миң(беш жүз миң) каралып, толугу менен жумуштар аткарылган.
Аппараттын жетекчиси: М.Бегалиев