Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 25/IV
Кошумча суу түтүктөрүн орнотууга макулдук берүү жɵнүндɵ
Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн жер маселеси боюнча башкы адис Б.Б.Осмоналиевдун «Нурманбет айылында жайгашкан №18 түтүктɵрүнүн курулмасында суу пайдалануучулардын кɵптүгүнɵ байланышту сугат суусун коромжосун азайтуу максатында 17-1 жана 18-а кошумча түтүктɵрдү курулмасын орнотуу жɵнүндɵ» маалыматын карап жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айылынын 17-1 жана 18-а тилкелерине кошумча суу түтүктөрүн орнотууга макулдук берилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |