Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 4
Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет берүүсүнүн
Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына шаардык КеңештинМыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, Регламент, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-январдагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет берүүсүнүн Регламенти бекитилсин №1 тиркеме
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Артыкбаев) тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын №_____токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет берүүсүнүн
Регламенти
1. Жалпы жоболор
2. Шаардык Кеңештин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби
3. шаар мэринин шаардык Кеңештин алдында отчетторун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
4. Шаар мэриясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
Бул Регламент (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун камтыйт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Баткен шаарынын мэриясынын отчет берүүсүнүн Регламенти – бул шаардык кеңештин токтому менен бекитилүүчү акт, ал шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнүн тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шаар мэринин отчет берүүсүнүн тартибин регламенттештирет.
1.2. Шаар мэриясынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу, жергиликтүү коомдоштуктун талкуу процессине тартуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө тургундарды маалымдоо ушул Регламенттин максаты болуп саналат.
1.3. Регламент Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жергиликтүү коомдоштуктун конституциялык укуктарын коргоо принциптерине негизделип, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматты өз убагында алуу укугун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу укугун камсыз кылат.
1.4. Баткен шаар мэриясынын мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, ал эми жергиликтүү жамааттын алдында — өз ишинин жыйынтыктары үчүн жооптуу болушат.
1.5. Шаар мэриясы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугуна отчет берет.
1.6.Жергиликтүү коомдоштуктар коомдук жана мамлекеттик турмуштун маселелерин, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн жыйындарында (чогулуштарында) жана курултайларында талкуулоо формасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышат.
1.7. Шаардык кеңешинин депутаты өз округунун шайлоочуларынын алдында жооптуу жана аларга отчет берет.
1.8. Шаардык кеңешинин депутаты маал-маалы менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жолу өз иши жөнүндө шайлоочулардын жана жарандардын коомдоштугунун алдында отчет берип турууга милдеттүү.
1.9.Шаардын мэри жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык шаардык кеңешке бекитүүгө берет, жергиликтүү маанидеги маселелердин жана бюджеттин аткарылышы, ошондой эле муниципалдык менчиктин пайдаланылышы жөнүндө шаардык кеңештин алдында отчет берет.
2-глава. Баткен шаардык Кеңешинин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби
2. Шаардык кеңештин депутатынын отчетун уюштуруунун тартиби
2.1.Шаардык кеңештин депутаты шайлоочулар, аны депутаттыкка талапкер кылып көрсөткөн жарандардын коомдоштуктун жана бирикмелери, ошондой эле анын шайлоо округунун аймагында жайгашкан башка ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын бирикмелери менен байланышта болот.
2.2. Шайлоочулар өз депутаттарына сунуш-талап бере алышат.
2.3.Шаардык кеңештин депутаты ага келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт, аларды туура жана өз убагында чечүү үчүн чараларды көрөт жана жарандарды кабыл алат.
2.4. Коомдоштуктун, жарандардын бирикмесинин же саясий партиянын талабы боюнча депутат каалаган убакта отчет бере алат.
2.5.Шаардык кеңештин депутатынын отчетун өткөрүүгө даярдыктын жүрүшүндө мэрия:
- санитардык жана гигиеналык талаптарды эске алуу менен чогулуштар үчүн бөлмө-жайларды аныктайт жана отчеттук жолугушууларды өткөрүүгө чейин 5 күндөн кечиктирбестен , шаардын (көчөлөрдүн, кварталдын, ) тургундарына талкууланучу маселе жөнүндө, иш-чара өтчү жери, күнү жана убактысы жөнүндө кабарлап, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта билдирүүлөрүн, үймө-үй кыдырууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдаланат;
- Аймактык башкармалыктарда (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) тургундарынын жана катышууга каалоосун билдирген бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын иш-чараларга эркин кирүүсүн камсыз кылат;
-Шаардык Кеңештин аппараты:
- зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан чогулушка чыгарылуучу маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жазуу жүзүндө суратат (маалымат, материалдар жана документтер суроо-талапты алган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен уюштуруучуга берилет);
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик иштерди аткаруу үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;
- иш-чара өткөрүлгөнгө чейин 2 күндөн кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөй тургандардын тизмесин түзөт (баяндамачылардын тизмесине киргизилген адамдарга бул жөнүндө алдын ала кабар берилет);
- чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди тариздөөнү камсыз кылат;
- иш-чараларды даярдоодо жана уюштурууда чогулушту өткөрүүнүн демилгечилери менен эриш-аркак иштешет.
2.11. кеңештин депутатынын отчеттук жолугушууларына төмөнкүлөр катышат:
- шайлоочулар жана жарандардын жамааттары;
- шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын өкүлдөрү;
- шаардын мэри жана башка тиешелүү кызматкерлер, коомдук уюмдар жана бирикмелер;
- коомчулуктун, саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо, билим берүү жана илим органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жана ишканалардын өкүлдөрү;
- жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары – ЖМК).
3. Отчеттук жолугушууларды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Отчет өтчү күнү белгиленген убакытта жана белгиленген жерде угуулардын катышуучуларын каттоо жүргүзүлөт (угууларга 15-30 мүнөт калганда).
3.2.Отчеттук жолугушууну жүргүзүү үчүн төрага жана катчы шайланат. Катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартиби бекитилет.
3.3. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана иш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибине көз салат.
3.4. Иш-чара төрагалык кылуучунун (же алып баруучунун) кыскача кириш сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкууланып жаткан маселенин маңызы, анын мааниси жана иш-чараны өткөрүүнүн тартиби жөнүндө (иш-чаранын Регламенти жөнүндө) маалымдайт.
3.5.Депутаттын өзүнүн иши жана шаардык кеңештин иши жөнүндө отчету угулат. Отчетто төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- шайлоочулардын сунуш-талаптары;
- жарандардын сунуштары, арыздары жана даттануулары боюнча кабыл алынган чаралар;
- тиешелүү мезгил үчүн шаардык кеңеш кабыл алган чечимдер;
- шаардык кеңештердин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иши;
- шаар мэриясынын иши.
3.6.Отчет берүүнүн жүрүшү катчы түзгөн протоколдо белгиленет, анда иш-чараны өткөрүүнүн күнү жана орду, катышкан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сүйлөөлөрдүн мазмуну, баяндамачылар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроолорду бергендердин маалыматтары, кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коет. Протокол эркин формада түзүлөт.
3.7. Отчеттук материалдарды каттоону, эсепке алууну жана сактоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жүзөгө ашырышат.
3.8.Иш-чаранын протоколу, жолугушууда кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү кеңешке берилет.
3.9. Жергиликтүү кеңеш бир айлык мөөнөттө чечимдерди жана сунуштарды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу мененкалкка (иш-чаралардын катышуучуларына) кабар берүүгө милдеттүү.
3-глава. Шаар мэриясынын, шаардык Кеңештин алдында отчет берүүсүн уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
4. Отчеттун максаттары жана милдеттери
4.1. Баткен мэриясынын отчеттуулугу төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) жергиликтүү коомдоштуктун алдында ачык-айкындуулукту, жоопкерчиликти жана отчеттуулукту андан ары жогорулатуу;
2) ачыктык жана айкындуулук принцибин камсыз кылуу;
3) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишеним деңгээлин жогорулатуу.
4.2.Отчетторду берүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) шаар мэриясынын абалы жөнүндө жарандарды маалымдоо;
2) коомдук көзөмөл системасын өнүктүрүү.
4.3. Баткен шаарынын мэриясы өз ишинде шаардык кеңешке отчет берет.
4.4. Шаардын мэри өзүнүн иши жөнүндө,жергиликтүү маанидеги иштердин аткарылышынын жүрүшү, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө жылына жарым жылда бир жолу шаардык кеңештин алдында отчет берет.
5. Отчеттордун мазмуну жана даярдоо жол-жобосу, отчетторду берүүнүн тартиби
5.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет (маалымат) шаар мэриясынын ишин чагылдырган, анын ичинде төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- отчеттук мезгилдеги негизги жетишкендиктерди;
- финансылык көрсөткүчтөрдү, анын ичинде кирешелерди жана чыгашаларды;
- социалдык программалардын жана долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты;
- иш процессинде келип чыккан көйгөйлөр жана чакырыктар жөнүндө маалыматты;
- келечекке пландарды, анын ичинде стратегиялык максаттар жана күтүлүп жаткан жыйынтыктар жөнүндө маалыматтарды.
5.2. Бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти пайдалануу жөнүндө отчет (маалымат) шаар мэриясынын ишин чагылдырган, анын ичинде төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- бюджет жөнүндө жалпы маалыматтарды;
- киреше булактары (салыктар, жыйымдар, гранттар ж.б.)жөнүндө маалыматты;
- чыгымдардын негизги беренелери (социалдык, инфраструктуралык ж.б.)жөнүндө маалыматты;
- муниципалдык мүлктү баалоонун жана башкаруунун (өткөрүп берүү, ижарага берүү, сатуу) жыйынтыктары жөнүндө маалыматты;
- жетишкендиктер жана жыйынтыктар жөнүндө маалыматты;
- бюджеттик процессте аныкталган көйгөйлөр жана тобокелдиктер;
- сунуштамалар жана пландар жөнүндө маалыматты.
5.3. Калкты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчет (маалымат) шаар мэриясынын ишин чагылдырган, анын ичинде төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолун;
- алдыдагы мезгилге бюджеттин долбоорун, ал бюджеттин ресурстары боюнча алардын түрлөрү жана булактары боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөрдү; бюджеттин чыгашаларын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик программалары боюнча маалыматты; бюджеттин теңдештирилгенин; муниципалдык карызды, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына түшүндүрмө катты; ыктымалдуу бюджеттик тобокелдиктерди жана жагдайларды баалоону камтыйт.
5.4. Отчетторду шаар мэриясынын жооптуу кызматкери (кызматкерлери) даярдайт. Отчетторду даярдоо процессине шаар мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жана ишканаларынын башка кызматкерлери да тартылса болот.
5.5. Отчеттор үчүн маалыматтар жеткиликтүү документтердин жана статистикалык маалыматтардын негизинде чогултулат.
6. Отчетту аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик
6.1. Отчеттун жыйынтыгы боюнча бюджеттин, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, калкты социалдык коргоонун программаларынын жана анын компетенциясына кирген башка маселелердин аткарылбагандыгына байланыштуу шаардык кеңеш шаар мэринин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизет.
6.2. Шаардын мэри -мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Шаар мэриясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
7.1. шаардык кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телевидение жана радио, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен камсыз кылынат.
7.2.шаар мэриясы жалпыга жеткиликтүү формада төмөнкү маалыматтарды жарыялоого милдеттүү:
1) функциялары, милдеттери, ыйгарым укуктары жана милдеттери жөнүндө;
2) бюджеттик каражаттар жөнүндө, атап айтканда:
а) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору жөнүндө;
б) бекитилген жергиликтүү бюджеттер жөнүндө;
3) шаар мэриясынын учурдагы иши жөнүндө:
а) шаарды өнүктүрүү программалары жана аларды ишке ашыруу жөнүндө отчеттор;
б) шаар мэриясынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:
а) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартибин аныктоочу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар;
в) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторингдин жыйынтыктары;
г) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктарына даттануунун тартиби;
5) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө;
11) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына муниципалдык кызматка кирүүсү жөнүндө:
а) жарандардын муниципалдык кызматка кирүү тартиби;
б) муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмеси;
в) муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар;
г) муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстардын шарттары жана жыйынтыктары;
д) конкурска катышкан талапкерлер жыйынтыктарга макул болбогон учурда конкурстук комиссиянын чечимине даттануунун тартиби;
12) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордун башка субъекттери, анын ичинде эл аралык уюмдар менен эриш-аркак иштешүүсү жөнүндө;
13)шаар мэриясынын жарандардын жана уюмдардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдөрүнүн телефон номерлери жана даректик реквизиттери, анын ичинде почта дареги, электрондук почтасынын дареги, бул бөлүмдөрдүн иштөө тартиби жөнүндө;
720100, Баткен ш.,И.Жусупов көч.46,Тел: 0(3622)5-01-10;5-07-74.meria-batken@mail.ru