Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 6
Баткен шаарынын Базар-Башы АТОсунун карамагынан “Токтогул олуя” участкасын чыгаруу менен Булак-Башы АТОсунун карамагына кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын 34-бернеинин 7-пунктуна, Баткен шаар мэриясынын 2025-жылдын 20-январдагы №01-12/259 каты менен Базар-Башы жана Булак- Башы АТОлорунун калкынын санын теңдештирүү максатындагы сунушунун жана шаардык Кеңештин Мыйзамдуулук, укук, кылмыштуулуктун алдын алуу, чек ара, Регламент жана этика маселелери боюча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-январдагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Базар-Башы АТОсунун карамагынан “Токтогул олуя” участкасы жалпы аймагы жана калкы менен чыгарылсын.
2. Токтогул олуя участкасы жалпы аймагы жана калкы менен Булак-Башы АТОсунун карамгына кошулуп берилүүгө макулдук берилсин
3.Базар-Башы АТОсунан Токтогул олуя участкасын чыгаруу жана Булак-Башы АТОсуна кошуп берүү иш-аракеттерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын
4.Базар-Башы, Булак-Башы АТОлорунун жана жалпы шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
5.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин мыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Артыкбаев) тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |