Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 7
“Баткен шаарынын аймагында троллейбус линияларын тартуу мамыларын орнотуу” долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна жана Баткен шаарынын калкын транспорт менен камсыз кылуу, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн көздөө максатындагы 2025-жылдын 17-январдагы №01-7/223 сунушунун архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-январдагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагында троллейбус мамыларын орнотуу долбооруна
№1 тиркеме картага макулдук берилсин.
2.Шаар ичинде треллейбус мамыларын орнотууда бекитилген картага туура келген жер аянттары менчигин түрүнө карабастан боштулуп берилүүсү эскертилсин.
3.Шаар аймагында троллейбус мамыларын орнотуу иш аракеттерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |