Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 8
Баткен шаарынын 2025-жыл үчүн “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымынын ставкасын” бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер” жөнүндө Кодексинин 74 жана 75 беренелерине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруунун жыйым ставкаларын бекитүү максатындагы Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаары боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 23-декабрдагы №01-07/585 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-январдагы кортундусунун негизинде баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын 2025-жыл үчүн “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымдарынын ставкасы төмөнкүдөй белгиленсин жана “Салык эмес кирешелер” Кодексинин жобосуна ылайык жүргүзүлсүн:
-Юридикалык жактарга ар бир иштеген адам санына жараша эсептик көрсөткүч 100 пайыз өлчөмдө;
-жеке ишкерлергеар бир иштеген адам санына жараша эсептик көрсөткүч 100 пайыз өлчөмдө;
-физикалык жактарга ар бир үйдө жашоочулардын санына жан башына 10 сом өлчөмүндө;
2. Белгиленген жобого ылайык мөөнөтүндө таштанды жыйымдарын төлөө жалпыга жайылтылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кенешинин финансы, экономика, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Р.Орозбаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |