Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 10
Баткен шаарынын Дөгмөн дарыясынын күн чыгыш тарабына инвестициялоо менен кичи ГЭС куруу үчүн 0,23га жер участогун “Жашыл фонд” мамлекеттик фондуна мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын 34-бернеинин 1;3;5 -пунктуна, Баткен шаар мэриясынын 2025-жылдын 17-январдагы №01-12/205 каты менен шаардын Дөгмөн дарыясына кичи ГЭС курууга макулдук көрсөткөн шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-январындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Дөгмөн дарыясына күн чыгыш тарабына инвестициялоо менен кичи ГЭС куруу үчүн 0,23га жер участогун “Жашыл фонд” мамлекеттик фондуна мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2.Жер аянтына керектүү болгон иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |