Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 12
Баткен шаарынын Дөгмөн жайлоосунан “Дөгмөн-Кен ЖЧКсы” көмүр шахтага жол салуу үчүн 1 240 м жер аянтын
пайдалууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1, 2 пунктарына, Баткен шаар мэриясынын 2025-жылдын 17-январдагы №01-12/205катына, Дөгмөн –Кен ЖЧКсынын 2016-жылдын 16-декабрынан 2029-жылдын 31-декабрына чейин жер казынасын №5124 СЕ сандуу лицензиясынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Дөгмөн жайлоосунан “Дөгмөн-Кен ЖЧКсы” көмүр шахтага жол салуу үчүн 1 240 м жер аянтын пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Пайдаланууга берилген жер аянтына келишим түзүү жана юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев / тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |