Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 13
Баткен шаарынын 2025-2030-жылдарга Климаттык
иш-аракеттер планына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-бернесинин 13-пунктуна, 34-беренесинин 1-пунктуна жана Европа комиссиясынын“Мэрлердин глобалдык макулдашуусунун секретариатына ЕБ көрсөткөн колдоо”долбоорун сунуштаган шаар мэриясынын 2025-жылдын 20-январындагы сунушунун жана шаардык Кеңештин мыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынаын 2025-жылдын 22-январындагы кортундусунуннегизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын 2025-2030-жылдарга инфраструкурасынын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында климаттык иш -аракеттер планы жактырылсын. (иш-аракеттер планы тиркелет)
2.Баткен шаарынын 2025-2030-жылдарга инфраструкурасын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында климаттык иш -аракеттер планына ылайык долбоорлор Баткен шаар мэриясы тарабынан ишке ашыруу жагы сунушталсын
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин мыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Артыкбаев) тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |