Редакцияот 28.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 28-январы № 15

 Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун аймагындагы Эркебаев Бакытбектин Сх-2 аймагындагы  менчик турак жайынын багытын

өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын             27 жана 34 статьяларына жана 2024-жылдын 17-декабрындагы   №Э-863   Баткен шаар мэриясынын сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун аймагындагы Эркебаев Бакытбектин Сх-2 “айдоо, жайыт, шалбаа” аймагындагы  “турак жай”жер аянтын, Ц-2 “жергиликтүү маанидеги тейлөө борборлорунун жана коммерциялык ишмердүүлүктүн аймагы”  аймагына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Б.Эркебаевдин жеке менчик турак жайынын аймагын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын

3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин

4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура,  курулуш иши, транспорт  жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.

 

 

Төрага:

А.Аширов