Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 17
Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсундагы Сулайманов Окилга таандык “Өндүрүштүк багыттагы” 1,5га жер аянтын, ошол эле аймактын “Өнөр жай алкагындагы” 1,5га жер аянтына алмашууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27 жана 34 статьяларына жана 2025-жылдын 23-январындагы №01-7/319 Баткен шаар мэриясынын сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсундагы Сулайманов Окилга таандык “Өндүрүштүк багыттагы” 1,5га жер аянтын, ошол эле аймактын“Өнөр жай алкагындагы” 1,5га жер аянтына алмашууга макулдук берилсин
2.Аталган жер аянттарын макулдашууга ылайык алмашууну жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |