Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 18
“Баткен шаарынын аймагы аркылуу курулуучу Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай мамлекеттик автожолу жайгашкан участкалардын жер аянттарын (трансформациялоого) которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө №665 токтому Кыргызмамжердолбоорлоо жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткендеги филиалынын 2024-жылдын 29-февралдагы №01-13/965 кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.“Баткен шаарынын аймагы аркылуу курулуучу Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай мамлекеттик автожолу жайгашкан участкалардын жер аянттарын (трансформациялоого) которууга макулдук берилсин.
2.Баткен шаар мэриясынын аталган жер аянттарын которуу (трансформациялоо) иштерин жүргүзүүсү колдоого алынсын
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |