Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №3/4
Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча бөлүм башчы К.А.Мамытасымованын маалыматы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагында 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер боюнча 31612100 сом суммасында, чыгашалар боюнча 31612100 сом суммасында аткарылган маалыматы жактырылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жɵнɵтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |