Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 19
Баткен шаарынын Султанмурат-Миңбашы көчөсүндөгү
Бердишов Мамажандын №4 дарегиндеги менчик турак жайынын
багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27 жана 34 статьяларына жана 2024-жылдын 10-декабрындагы №01-7/4979 Баткен шаар мэриясынын сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Султанмурат-Миңбашы көчөсүндөгү Бердишов Мамажандын №4 дарегиндеги 7500,0м2 Ц-1аймагындагы “турак жай”жер аянтын, Ц-1 “шаардын борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк” аймагына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. М.Бердишовдун жеке менчик турак жайынын аймагын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |