Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын
2024-жыл 05-сентябры №7/5
Айыл аймагындагы Чанач-Сай сайындагы ичүүчү таза суу түтүгүн оңдоо жөнүндө
Т.Балтагулов айыл аймагындагы Чанач-Сай сайындагы таза суу түтүгүн оңдоо жана калкты таза ичимдик суусу менен камсыздоо максатында тазалык ишканасынын жетекчиси М.Асанбаевдин кайрылуусун карап чыгып, сунушун угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чанач-Сай сайындагы таза суу түтүгүн оңдоо долбоору Ала-Бука райондук жана Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Хамракулов |