Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын
2024-жыл 05-сентябры №7/6
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн жаңы курулуп жаткан административдик имаратынын ички жана тышкы жасалгалоо курулуш иштери боюнча даярдалган долбоорду Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөттүн башчысы Р.Кийикбаевдин кайрылуусу канааттандырылсын жана айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын курулуш иштерин жандандыруу максатында даярдалган долбоор Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Хамракулов |