Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №3/5
Кара-Бүргөн айыл аймагына катуу тиричилик калдыктарын чыгаруучу атайын техника алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ кылат:
1. Теңир-Тоо өнүктүрүү фонду аркылуу 3900000 (үч миллион тогуз жүз миң) сомго Кара-Бүргөн айыл аймагына катуу тиричилик калдыктарын чыгаруучу атайын техника алууга уруксат берилсин.
2. Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруучу атайын техника алуу үчүн өздүк салым катары 2025-жылдагы бюджеттик каражаттын эсебинен 585000 (Беш жүз сексен беш мин) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |