Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын
2024-жыл 05-сентябры №7/7
Баястан айылындагы А.Атамов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин терезелерин жаңылоо долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылындагы А.Атамов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин эскилиги жетип жараксыз абалга келген терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу максатында, мектеп директору Х.Турдалиевдин берген арызын карап чыгып, сунушун угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баястан айылындагы №12 А.Атамов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин терезелерин жаңылоо үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) грантынын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сомдук долбоорго ылайык Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 687 183 (бир миллион алты жүз сексен жети миң бир жүз сексен үч) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралуучу акча каражатын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Хамракулов |