Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын
2024-жыл 05-сентябры №7/8
Жергиликтүү бюджеттен Падек айылындагы Т.Жоробаев орто мектебин капиталдык оңдоо долбоорун республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) грантына сунуштоо жөнүндө
Падек айылындагы Т.Жоробаев орто мектебин капиталдык оңдоо долбоорун республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) грантына сунуштоо максатында Р.Кийикбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Падек айылындагы Т.Жоробаев орто мектебин капиталдык оңдоо үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) грантынын эсебинен 2 369 203 (эки миллион үч жүз алтымыш тогуз миң эки жүз үч) сомдук долбоорго ылайык 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралуучу 178 327 сом акча сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Каражатын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Хамракулов |