Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-июну № 27/V
«Эпкин-Суу» СПАсынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна карызын тɵлɵɵ жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондун 2024-жылдын 6-июнундун № 19-10-02/4 катын карап «2021-жылдын 15-октябрындагы Эсептешүү келишиминин тындыруу графигине ылайык «Эпкин-Суу» СПАнын мɵɵнɵтү ɵтүп кеткен кредиттер боюнча тɵлɵмдɵр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна», Ысык-Ата райондук сотунун 2021-жылдын 15-октябрындагы № ГД-1463/21ч8 аныктамасы менен жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн бош калган каражаттан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна 70629 - бɵлүмүнүн 2823 – беренесине – 330,8 миң. сом тɵлɵнүп берилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысына П.С. Джумабековага жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |