Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын
2024-жыл 05-сентябры №7/9
Жергиликтүү бюджеттен Ак-Коргон айылындагы Балапан балдар бакчасын капиталдык оңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ак-Коргон айылындагы Балапан балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөттүн башчысы Р.Кийикбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Коргон айылындагы Балапан балдар бакчасын имаратын капиталдык ремонттоо үчүн республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) грантынын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) миллион сомдук долбоорго ылайык Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 277 502 (бир миллион эки жүз жетимиш жети миң беш жүз эки) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүлүүчү акча каражатын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Хамракулов |